Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Студенттик 5 миң орун үчүн 34 миң абитуриент ат салышууда


БИШКЕК. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде окууну каалаган абитуриенттерди тестирлөөнүн жыйынтыгы 7-июлда жарыяланат. Тестирлөө боюнча комиссиянын кечээки жыйыны ушундай тыянакка келди. Бул тууралуу Кыргыз улуттук университетинин маалымат катчысы Нурбүбү Ашымбаева билдирди. Тестирлөөнүн талабына ылайык жогорку окуу жайларынан окуу укугуна ээ болуш үчүн катышуучулар 150 баллдан 233 баллга чейин упай топтошу керек. Тестирлөөнү Билим берүү жана маданият министрлиги менен АКСЕЛС уюму май айынын ортосунда өткөрүп, ага өлкөнүн мектептеринен 34 миң бүтүрүүчү катышкан. Анын ичинен бюджеттик негизде окуш үчүн 5 миң студент тандалып алынышы керек. Алардын жогору балл топтогон 200 катышуучусуна каалаган окуу жайынан, каалаган адистигин тандап алууга укук берилет. Кыргызстанда бюджеттик негизде окутуу укугуна ээ болгон беш жогорку окуу жайы бар. Алар - Улуттук, Орус-Славян, Арабаев атындагы педагогикалык, Эл аралык университеттер жана Медициналык академия. Акы төлөп окуу максатын көздөгөндөр үчүн тестирлөө 7-июлда башталат. Билим берүү жана маданият министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөнүн мектептерин 75 миң окуучу бүтүрүүдө. Кыргызстанда 42 жогорку окуу жайы бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG