КАРАКОЛ. Жыйынга Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов, кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов катышты. Муфтий Мураталы ажынын иш-чарада айткандарына караганда, жер-жерлердеги имам-хатибдер, казылар билим деңгээлдерин, саясий көз караштарын ар тараптан байытышы керек. Анын айтымында, сөөк узатуу жана башка диний жөрөлгөлөрдө Куран окуу, жаназа түшүрүү менен чектелген имам-хатибдерди мамлекеттик аттестациядан өткөрүүгө мезгил жетти. Башка диний секталарга өткөндөрдүн саны Ысыккөл облусунда көп. Облус боюнча 41 мечит бар, анын 27си гана каттоодон өткөн.