Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Инвестициялык III саммит аяктады


БИШКЕК. Чолпонатада III инвестициялык саммит бүгүн өз ишин жыйынтыктады. Анда тоскоолдуктарды жөнгө салуунун концепциясын иштеп чыгуу, акыйкат башкаруу аркылуу мамлекеттик кызматтын сапатын жакшыртуу, сот системасынын реформасын тездетүү, өлкөдөгү ишкердикти уюштуруу ишин үлгү катары алып чыгуу сыңары негизги төрт багытты камтыган резолюция кабыл алынды. Резолюцияга ылайык, саммитте кабыл алынган документтин негизинде бир жылга эсептелген инвестициялык төртүнчү матрица бир айлык мөөнөттө иштелип чыга турган болду. Бул тууралуу саммиттин жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. III инвестициялык саммит кечээ башталып, ага эл аралык финансы уюмдарынын Кыргызстандагы өкүлдөрү, инвесторлор жана кызматташ өлкөлөрдүн элчилери катышты.

XS
SM
MD
LG