Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жугузгандардын саны өстү


БИШКЕК. Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны ырасмий маалымат боюнча 419 киши болуп, алардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда катталды. Азырынча Нарын, Талас облустарында бул илдетке байланыштуу факт каттала элек, Ысыккөлдө бирөө бар. Ал эми бейрасмий булактарда, дартты жугузгандардын саны 7 миңди чамалап калганы айтылууда. Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиевдин айтымында, илдетти жугузгандардын 86% - баңгизатты ийне аркылуу сайынгандар. Мындай жагдайга 15 жаштан 22 жашка чейинкилер кирептер болууда. Бул илдеттин алдын алуу максатында Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин каржылоосу менен Эл жайгаштыруу боюнча эл аралык кызмат социалдык маркетинг долбоорун ишке киргизди. Долбоорду уюм буга чейин дүйнөнүн 72 өлкөсүндө иштеткен. Кыргызстанда болсо долбоор Бишкек жана Ош шаарларында ушул жылдын этегине чейин иштейт. Бүгүн Бишкекте дени сак жашоонун коопсуздугун камсыздоо багытындагы «Favorite» долбоорунун ишке ашуусуна байланышкан иш-чара өттү. Кечээ болсо Саламаттык сактоо министрлигинин, «СПИД» борборунун, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жетекчилеринин катышуусунда маалымат жыйыны болду.

XS
SM
MD
LG