Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Кыргызстандык окумуштуулар Хакасияда болушту


БИШКЕК. Бир аптадан бери Хакасияда жүргөн кыргызстандык окумуштуулар тобунун экспедициялык сапары бүгүн аяктады. Тарых илимдеринин доктору, Хакасиянын белгилүү окумуштуусу Виктор Бутанаевдин бүгүн «Азаттыкка» кабарлаганына караганда, окумуштуулар тобу иш сапарынын учурунда Энесай жана Теңиртоо кыргыздарынын байыркы тарыхый жакындыктарын иликтөө максатында Хакасия, Тува, Тоолуу Алтай аймактарынын олуттуу тарыхый жайларын кыдырып чыгышты. Ушул иш сапардын алкагында Хакас жана Тува мамлекеттик университеттери менен Бишкектеги Ишенаалы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин ортосунда биргелешкен илимий экспедицияларды уюштуруу тууралуу келишим түзүштү. Хакасияга экспедициялык сапарга чыккан тарыхчы-окумуштууларды И. Арабаев атындагы университеттин ректору Аблабек Асанканов жетектеп барды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG