Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Америкалык президенттин коопсуздук иштер боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс ишемби күнү Жакынкы Чыгышта палестин жана жөөт тараптары менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Мунун алдында Израил менен Палестин автономиясынын бийликтери Газа тилкесинен жана Иордан дарыясынын батыш жээктеринен жөөт аскерлерин чыгаруу жөнүндө макулдашкан эле. Ошол эле күнү “Хамас” уюму Израил менен жарашуу келишимине кол койгонго даяр экендигин жарыялады. Аталган уюмду Евросоюздун аткаруучу органы - Европа комиссиясы дүйнөлүк террордук топтордун тизмесине киргизүүдөн баш тарткан болчу.

Президент Буштун кеңешчиси Кондолиза Райс адегенде палестин премьери Махмуд Аббас (Абу Мазен) менен жолугушат,андан соң Иерусалимде Израилдин кабинет башчысы Ариэл Шарон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Райс регионго келер алдында эл аралык “жол картасы” планын ишке ашыруу багытында жөөт жана палестин тарабы алгачкы, бирок кыйла жышаналуу кадамдарды жасашты. Атап айтканда, алар Газа тилкеси менен Иордан дарыясынын батыш жээктеринен жөөт аскерлерин чыгаруу боюнча макулдашууга жетишти. Келишим ырасмий түрдө жекшемби күнү тастыкталат, ал эми дүйшөмбүдөн тартып аталган райондордон жөөт аскерлери кете баштайт. Аймактардын коопсуздугун жана террордук аракеттерди токтотуу ишин толугу менен палестин күчтөрү контролдойт. Эки тарап милдеттенмелерин кандай аткарарын региондо жүргөн америкалык жана эл аралык арачылар байкап-багып турушмакчы.

Региондогу бу жышаандарды Вашингтондо Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер кушубак кабар катары комментариялады, ал эми мамлекеттик катчы Колин Пауэлл макулдашууну “өтө дурус кадам” деп атап, бул - бар болгону узакка созулчу процесстин башталышы гана экенин эскертти.

Жума күнү Жакынкы чыгышта дагы бир жышаналуу иш болду. Радикалдуу “Хамас” тобунун адыйы жана негиздөөчүсү шейх Ахмед Яссин соңку кездеги жагдайды жакшылап аңдап көрүп, уюмдун активисттери интифаданы токтотууну макул тапканын жарыялады. Ошону менен бирге ал аталган чечим али ырасмий түрдө такталып бүтө электигин, хамасчылар башка да палестин фракциялары менен масилеттешип жаткандыгын кошумчалады.

Акыркы маалыматтарга ылайык,келишимге ФАТХ, ”Хамас”, ”Ислам жихады” уюму кол койот,анда Газа тилкесинде, Иордандын батыш жээгиндеги аймактарда жана Израилдин өзүндө жөөттөргө каршы бардык куралдуу аракеттерди үч айга токтотуу тууралуу айтылат. Келишимдин акыркы долбоорун палестин лидери Ясир Арафат бекитет. Израил тарабы “Хамастын” билдирүүсүн кеңири комментариялаган жок,бирок жөөт кабинетиндеги булактар өкмөт мүчөлөрү баштагыдай эле экстремисттик топтордун баарын таркатууну талап кылып жатышкандыгын ырасташты.

Жума күнү Евросоюздун аткаруучу органы – Европа комиссиясы “Хамас” уюмун кылмыштуу террордук топтордун тизмесине кошкондон баш тартты. Шаршемби күнү Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Евросоюздун лидерлерин радикалдуу ислам тобун финансылап жана колдоп жатат деп айыптаган эле. Евросоюз былтыр “Хамастын” аскерий бир канатын – “Изз ад-Дин ал-Кассам бригадасын” террордук топторго кошкон эле. Бирок жалпы саясий “Хамас” кыймылына Еврокомиссия кандайдыр бир санкцияларды жарыялаганды натуура көрөт. Мунун себеби катары комиссиянын басма сөз катчысы Рейө Кемппинен “Хамастын” социалдык ишмердигин, атап айтканда, ооруканалар менен мектептерге спонсорлук кылып жүргөндүгүн атады. Мындан тышкары Евросоюздун лидерлери шаркеттин органдары “Хамаска” эч кандай финансылык колдоо көрсөтүп жатпагандыгын белгилешти. Ал эми европалык соопкер уюмдар болсо гуманитардык максаттарга жеке адамдардан каражат жыйнаганга акылуу, буга мыйзамдарда эч кандай тыюу салынган эмес. Анын үстүнө европалык лидерлер “Хамасты” ушу тапта террордук уюмдардын тизмесине киргизүү региондогу кырдаалды оорлотуп жиберет деп эсептешет. Тескерисинче, алардын көз карашында, “Хамастын” саясий фракциясын региондогу тынчтык процессине активдүү тартуу зарыл, анткени ал палестин-жөөт жаңжалын жөнгө салууда таасирдүү жана олуттуу роль ойной алат.
XS
SM
MD
LG