Бүгүн Парижде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Франциянын президенти Жак Ширак жолугушуп, Борбор Азиянын экономикасы, саясаты жана маданий өнүгүүсү тууралуу пикир алышты. Жак Ширак Казакстан менен экономика тармагында кызматташууну кубаттай тургандыгын билдирди. Нурсултан Назарбаев болсо Франция президентин Казакстанга чакырды.