Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Ирандын реформачыл депутаттары студенттерди колдоодо


Ирандын реформачыл көз караштагы төрт депутаты бүгүн 10-20-июнь күндөрүндөгү камакка алууга каршы нааразылык акциясын парламент имаратында баштады. Алар муну менен өлкөнүн азыркы бийлигине каршы чыккан студенттерге колдоо көрсөтүшүүдө. Ирандык студенттер бийликтин университеттерди менчиктештирүү саясатына каршы демонстрацияга чыгышканда 4 миңден ашуун адам камакка алынган. Ал эми студенттердин лидери Саид Аллахбадашти соңку демонстрация учурунда камакка алуу коомдо диний жетекчиликке каршы нааразылыктын күчөп бараткандыгын айгинелейт, бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, өзүнүн легитимдүүлүгүн жоготуп алды деп билдирди. Студенттер диниятчылардын кызматтан кетүүсүн гана каалабастан, өлкөдө демократиялык кайра түзүүлөрдү ишке ашыра албаган президент Мохаммад Хатамини да катуу сынга алып жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG