Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:17

Сеул полициясы темир жолчулардын иш таштоосун басты


Сеулдун миңдеген полицейлери университеттин имаратынын жанына нааразылык билдирүү үчүн чогулган темир жолчуларды күч менен таратты. Андан канча адам жабырланганы белгисиз. Темир жолчулар өкмөттүн темир жол тармагын кайра куруу планына каршы болуп, иш ташташкан. Профсоюз уюмдарынын эсеби боюнча, жаңы план темир жолчулардын кирешесин азайтышы мүмкүн. Түштүк Кореянын өкмөтү бул иш таштоону мыйзамсыз деп баалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG