Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Израил менен Палестина израил аскерлерин чыгарууга макулдашты


Израил менен Палестин автономиясы Иоардандын батыш жээгиндеги Вифлеем шаарынан жана Газа секторунан израил аскерлерин алып чыгып кетүүгө макулдашышты. “Хамас” уюмунун башчысы Ахмед Ясин өзү жетектеген уюм Израил менен элдешүү тууралуу макулдашууга кол коюуга даяр экендигин билдирди. “Хамастан” тышкары бүгүн Израил менен элдеше тургандыгын дагы үч уюм - “Ислам жихады”, “Ал-Акса шейиттери тобу” жана ФАТХ уюмдары да билдирди. Буга чейин Европа Биримдигинин жетекчилери АКШнын “Хамас” уюмун террорчул уюм деп таанып, ага кандайдыр бир жардамдарды берүүнү токтотуу тууралуу талабын канааттандырган эмес. Европа Биримдигинин пикири боюнча “Хамастын” аскерий бөлүгүн гана террорчул деп атаса болот.

XS
SM
MD
LG