Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

АКШнын Ирактагы жоокерлерине кол салуу басылган жок


Бүгүн Американын Ирактагы жоокерлеринин арасынан шаршемби күнү дайынсыз жоголгон эки жоокеринин сөөгү табылды. АКШнын Ирактагы жоокерлерине бүгүн да кол салуу болду. Андан бир жоокер каза болуп, төртөө жарат алды. Ал жердеги америкалык аскерий башкармалыктын маалыматына караганда, Багдаддын түндүк жагында келаткан жоокерлердин машиналарына бирөөлөр ок жаадырышкан. Мындай кол салуу кечээ да болуп, андан бир жоокер жараат алган болчу. Кол салуудан кийин 900 адам кармалды. Президент Буш “Иракта согуш аяктады” - деп 1-майда жарыялагандан бери ал жерде АКШнын 20 жоокери каза болду. Ал эми АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфельд “мындай кол салуулар партизандык кыймылга айланат” деген күмөн саноо жок, бул кадимки эле кылмышкерлердин колунан келип жаткан иш” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG