Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

АКШ дүйнө өлкөлөрүн Ирактын мурунку бийлиги каткан акчаларды фондго кайтарууга чакырды


Америка Ирактын мурунку бийлигине таандык акча катылган өлкөлөрдөн ал каражаттарды Иракты өнүктүрүү фондуна которууну өтүндү. Мындай мазмундагы катты АКШнын каржы министри Жон Сноу Ирактын мурунку бийлигине таандык акча катылган болуу керек деген 38 өлкөнүн жетекчилигине жолдоду. Сноу ал катында андан тышкары Ирактын мурунку бийлигинин эң таасирдүүлөрү деп эсептеп, АКШ издеп жаткан 55 жетекчисине таандык акчаларды таап, айлантуусун токтотууну суранды. Аталган 55 адамдын 30дан ашыгы коалициянын Ирактагы топтору тарабынан кармалган. Иракты өнүктүрүү фонду болсо Америка менен Англиянын карамагында түзүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG