Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Түндүк Корея өзөктүк программасын текшертүүнү каалаган АКШнын аракетин “согушка даярдануу” деп баалайт


Түндүк Корея өз өлкөсүнүн өзөктүк куралдар боюнча программасын Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна алып чыгууга далалаттанган АКШнын ар бир аракетин “Кореяга каршы согуш ачууга даярдык көрүп жатат” деп эсептей тургандыгын билдирди. Бул тууралуу бүгүн Түндүк Кореянын жаңылыктар агенттиги кабарлады. АКШ Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча резолюциянын долбоорун Коопсуздук Кеңешке мүчө мамлекеттерге жана өзүнүн союздашы болгон Япония менен Түштүк Кореяга да жөнөткөн болчу. Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги болсо бүгүн бул программа боюнча талаш сүйлөшүү жолу менен жөнгө салышы зарыл экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG