Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:19

БЕЛГИЛҮҮ ОБОНЧУ ЖАНА АТКАРУУЧУ АДЫЛБЕК КЫЯЗОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ


Аманбек Дилденбай, Бишкек Обончу Адылбек Кыязов 70-80-жылдары «Ай эркем ай», «Гүлмира» аттуу ырлары менен элге таанылып, анын чыгарган обондуу ырлары ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк табат. Ал 30 жылдык чыгармачылык изденүүнүн натыйжасында 60ка жакын ырлардын обондорун жаратты. Драматург Токтоболот Абдымомуновдун «Борбаштын досу Камгакбай» спектаклине музыка жазып, андагы лирикалык мүнөздөгү ырлар тез эле эл арасына тарап, жаштардын сүйүктүү ырына айланат. Адылбек Кыязов жубайы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дамира Баратбаева экѳѳ 30 жылга чукул Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында чыгармачылык менен алпурушуп келишкен. Азыр обончу Адылбек Кыязов Бишкекте жашап, «Кыргызтелекомдо» кызмат кылат, ал эми Дамира Баратбаева Кыргыз телерадиокорпорациясынын алдындагы «Учур» жаштар телетеатрында артист болуп иштейт.

Чыгармачыл адамдардын бардыгы эле ар тараптуу өнөргө ээ боло бербейт. Ал эми биз кеп кылып жаткан жубайлар драмалык актер катары да, ырчылык жагынан да башкаларга окшобогон, өздөрүнчө чыгармачылык жүзү бар. Өнөрпоз жубайлардын өнөрканасынын өткөндөгү учурунан азыноолак кеп учугун улап, обончу жана аткаруучу Адылбек Кыязовго суроо узаттым.

- Адылбек мырза, сиз Нарын музыкалуу драма театрында ар түрдүү спектаклдерде роль аткарып жүрдүңүз. Спектаклде роль аткарыш өзүнчө түйшүктү, изденүүнү талап кылат эмеспи. Ошол себептен сиз үчүн роль аткарган оңойбу же обон жараткан оңойбу?

- Ар бир адамдын жан-дүйнөсүн козгогон, жүрөгүнө жакын бир нерсеси болот. Анын сыңарындай, менин жан-дүйнөмдү ээлеп алган, сыйкырлуу күч - обончулук. Мен бала кезимде Акталаанын жомоктогудай тоолорунда кой кайтарып, кунан-тай минип шамал кубалап, жаратылышка жакын өстүм. Мына ошол убакта эле өзүмчө эргип, окшобосо деле обон чыгарып заңкылдап ырдай берчүүмүн. Кийинчерээк эс тартканда Муса Баетовдун, Жумакемдин (Жумамүдүн Шералиев), Рыспай Абдыкадыровдун обондорун угуп, ырларын ырдап, музыканын миң түркүн кайрыктарын үйрөндүм. «Көрө-көрө көсөм болот» дегендей, кийинчерээк өз алдымча уккулуктуу обондорду чыгара баштадым. Өзүмдүн ырларымды эл алдына ырдап чыгып, элге таанылдым. Ал эми актерлук кесип - экинчи кесибим. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында иштеп жүргөн учурда ондогон спектаклдерде башкы каармандар болбосо да экинчи пландагы ролдордо ар түрдүү кейипкерлердин образын жараттым.

- Азыр сиз «Кыргызтелекомдун» кызматкери экенсиз, бул тармакка кеткенден кийин чыгармачылыгыңызды унутта калтырган жоксузбу?

- Жо-ок. Чыгармачыл адамдардын көрөңгөсү түгөнбөйт болуш керек. Жараткан өнөр, шык берип койгондон кийин, сыр сандыктын түбүнө бекитейин десең деле болчудай эмес. Кайра кандайдыр-бир кусалыкты, эргүүнү пайда кылып, чыгармачылыкка аяр мамиле кылып калат экенсиң. Театр чөйрөсүнөн алыстап кетсем да, бир нече обондорду жараттым. Жакында караламан калкыма жеке чыгармачылык отчетумду берсемби деген оюм бар.

- Учурда эстрада жанрына басым жасалып, элдик үлгүдөгү ырларга маани берилбей бараткандай?

- Классикалык жанр, нукура элдик чыгармалар түбөлүктүү болот эмеспи. Азыр элдик үлгүдөгү фольклордук ырларга, кыргыздын классиктери Мусанын, Атайдын, Абдыластын чыгармаларына кайрылып, эстрадага салып ырдап калышты. Ал эми ар бир мезгил, ар бир доор өзүнүн жаңылыгын алып келген сыңары, биздин жергебизде да эстрада жанры Батыштын, Орусиянын үлгүсүн туурап чыкканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Көркөм өнөрдө чек жок.

- Нарын театрында иштеп жүргөн учуруңуздагы беш-алты айлап эл кыдырып гастролдоп жүрчү мезгилиңизди кандай элестетесиз?

- Ал учурду эстесем жүрөк сыздайт. «Өнөрпоздун ырыскысы элден» деп бекер айтышпаса керек. Эл кыдырып жүргөндө чыгармачылык кудуретиң да күчөп, дайыма жаңы чыгарма жазууга канат күүлөп калчумун. Өлкөбүздөгү экономикалык кризистин кедергисинен эл кыдырып бара албай, чыгармаларыбызды эл-журтка тартуулай албай калдык. Мурда Ошто, Жалалабадда, Ысыккөлдѳ, Чүйдө дос-тааныш, жоро-жолдош күтүп, бир тууганыңды көргүң келген сыңары сагынып калчу элек. Мына ошол жакын санаалаштарымды бир көрүүгө куштар болуп, капастагы карлыгач сыяктуу кайыгып турган кезим. Бирок келечектен үмүт үзбөй туралы. «Биздин көчөдө да майрам болоор» деген кеп бар эмеспи элибизде.

Обончу жана аткаруучу Адылбек Кыязовдун жубайы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дамира Баратбаева Нарын музыкалуу драма театрынын сахнасында 18 жашында чыгармачылык чыйырын баштаган. Ал театрда ырчылык жана актердук кесипти мыкты өздөштүрүп, жыйырма жылдан ашуун мезгилде кыргыз, орус, дүйнөлүк классикалык драматургиялык чыгармалар боюнча коюлган жетимишке жакын спектаклдерде ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын жаратты. Кыргыз театр өнөрүндө У.Шекспирдин «Отеллосунда» - Дездемона, «Король Лирде» - Гонерилья, Ф.Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» чыгармасында - Дуня, Т.Абдымомуновдун «Ашырбайында» - Багдагүл жана башка каармандар Дамира Баратбаевага таандык, башкаларга окшобогон актердук чеберчиликтин үлгүсү болуп калды. Учурдан пайдаланып, Дамира эжеге суроо узаттым.

- Дамира эже, Нарын музыкалуу драма театрында иштеп жүргөндө ондогон спектаклдерде башкы каармандардын ролун ойнодуңуз. Ошону менен катар сиз катышпаган концерттер болбосо керек. Айтыңызчы, ырчылык менен актердук шыктын айырмасы барбы?

- Көркөм өнөр тармагындагы жанрларга карата айтсак, анча деле айырма жок. Анткени, ырчылык өнөрдө ырдоонун ыкмаларын дайыма пайдаланып, добуштун назик, уккулуктуу болушу үчүн көнүгүүлөрдү жасап, көрүүчүлөрдү тартып алыш үчүн актердук ыкманы пайдаланабыз. Ар бир ырды аткарганда ошол ырдын маани-маңызына жараша образ түзөбүз. Ал эми актердук кесипте музыкалык ритм, мукамдуу үн болбосо ал актер боло албайт. Мыкты актер болуш үчүн мыкты бийлеп, мыкты ырдап, музыкалык жактан шыктуу болуш керек.

- Азыркы учурда сиз иштеген Бишкектеги жаштардын «Учур» телетеатрындагы чыгармачылык иштериңизге токтоло кетсеңиз?

- Жаштардын «Учур» телетеатрында иштегениме бир жылдын жүзү болду. Жакында драматург Алтынай Темированын «Теңирдин оту» аттуу пьесасы боюнча коюлган спектаклде баашкы каармандын образын жараттым. Бул чыгарма улуу актриса, маркум Бакен Кыдыкееванын жаркын элесине арналды. Психологиялык драмадагы окуялар - жалпы эле өнөр адамдарынын, алардын ичинен өзгөчө актрисалардын татаал тагдыры тууралуу. Театр агымындагы кыймыл-аракет, пластикалык чечилиштеги жаңы стилде коюлган бул спектаклде жаш артисттер менен түгөй болуп ойноо мага чыгармачылык дем-күч берди. Андан тышкары, концерттик программаларга чыгып, Адылбектин жаңы чыгарган ырларынан аткарып жүрөм. Театрдагы жаш актерлорго, акктрисаларга тажрыйбамдан үйрөтүп, эжелик акыл-насаатымды айтып, театр дүйнөсүндө өмүр кечирип келүүдөмүн.
XS
SM
MD
LG