Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

ТАЛАНТААЛЫ БАКЧИЕВ: «ТҮШҮМДӨ КАНЫКЕЙ ЭНЕМ АЯН БЕРГЕН»


Бүгүнкү «Таанышып коюңуздар» түрмөгүбүздүн мейманы - Бакчиев Талантаалы Алыбек уулу. Ал 1971-жылдын 2-декабрында Ысыккөл облусунун Аксуу районундагы Маман айылында жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу шайырдын күлгүндөй балалык чагы Каракол айылындагы таятасы Көбөгөндүн колунда өтөт. Ал залкар жомокчу Шаабайдын шакирти, «Алманбеттин жомогу», жакында эле басмадан жарык көргөн «Манастааным жомокчунун жолу» аттуу китептердин автору. Азыркы тапта Талантаалы Борбордук Азиядагы Америка университетинин кыргыз этнология бөлүмүндө окутуучу болуп иштейт. Ошону менен бирге ал «Манас» жомогу жана анын айтуучулары жөнүндө илимий изилдөөлөрдү да жүргүзүп келет. Кечээ эле жазуучу Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» аттуу чыгармасынын негизинде диссертация жазып бүтүп, анысы окумуштуулар кеңешинен жактырылып, «Кудай буюрса, мына-мына жактайм» деп толкунданып турган чагы.

- Талантаалы мырза, кол арага жарагандан өзүңүздү-өзүңүз кармай албай элирип, делөөрүп, «Манас» айта баштапсыз. «Балага эпкин тийгенби» дешип, түшүнбөгөндөр да болуптур. Ошентип, учуп-күйүп, оттой жанып жүргөнүңүздө улуу жомокчу Чоюкенин небереси, эл артисти, жомокчу-манасчы Шаабай Азиз уулуна жолугупсуз. Капа этпесеңиз маегиңизди ошол кездеги көңүлүңүздөн чыкпай, көкүрөгүңүзгө жазылып калган балалык чагыңыздан баштасаңыз?

- Залкар манасчыга жолуккан күндөн ээлигип-элирип жүргөнүм тып басылды. Шаабай атам биринчи эле күнү мени өз баласындай кабыл алды. «Манастан» айттырып көрүп: «Сенден келечекте бирдеме чыгат», - деп маңдайымдан сылап , анан: «Көрө албаган көздөн сактасын, айтылуу Айкөлдүн алп сөзү оозуңда жүрсүн, «качан айтат жомоктон» деп, калың калкың күтүп жүрсүн. Оомийин Аллоо акбар», - деген ак батасын берди. Ошентип, Шаабай атам 12-13 жашымдан жетелеп, «Манастан» айттырып, үндөккө ала баштады. Устатым менен 16-17 жашка чыкканга чейин бирге жүрүп, бирге турдум. Улуу жомок «Манастан» укпагандарды уктум, билбегендерди билдим, устатымдын ак тилегин, кеңештерин уктум.

- Кечиресиз, «Манастын» каармандарынан түшүңүзгө кирип, аян берип, ак бата бергендери болдубу?

- Балакаттан өткөн 12-13 жашымда түшүмдө Каныкей, Чыйырды энемдерди, Семетей, Сыргак, Алманбет баатырларды көрдүм. Бир жолку түшүмдө сулуулугунан көз тайган Каныкей энем бир кесе кымыз сунду. Ошондо кымызды шак тартып жиберип «эх» дегенимде Каныкей энем:
«Кагылайын каралдым
Жомокчулукка жарадың,
Кайыптан бизге туш болдуң,
Карааны бийик куш болдуң,
Ак бата бердим, кабыл ал,
Айкөлүң Атаң, эрдигиң,
Ааламга ырдап, салгын жар», - деп, мени колумдан кармап: «Эми биз тээтиги, Керегеташтын ары жагы, Кызылкыянын бери жагы, мазарлуу дөбө Бозучук деген жерге барабыз, балким, ошол жерде калабыз», - деп көздөн кайым болду.


Ошентип, Талантаалы «Манас» айтуунун түпсүз деңизине чабак ура баштайт. Ал Караколдогу орус орто мектебин бүтөөрү менен Кыргыз филармониясынын алдындагы эки жылдык музыкалык студияга келип кирет. Айтылуу шайырларга аралашат. Бир жылдан кийин, 1990-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылат. Ал аскердик милдетин Эстонияда өтөйт. Т. Бакчиев армиядан келээри менен филармониянын алдындагы музыкалык студиядан окуусун улантат. 1992-жылы болсо ал Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университеттин кыргыз филология факультетине өтөт. Талантаалы университеттик программаны тездетилген түрүндө окуп, 1995-жылы үч жылдын аралыгында өзү сүйгөн факультетин «кызыл диплом» менен бүтүрөт. Ошол эле жылы Бакчиевдин өзүнүн айтуусундагы тунгуч «Алманбеттин жомогу» аттуу көлөмү 7,5 басма табактагы китеби жарык көрөт.

Айтуучу «Манастагы» эң бир кызыктуу эпизодду башка жомокчулардан айырмалуу, кырааттуу обондо, мазмундуу, көркөмдүү сүрөттөп айтат. Айрыкча жаш жомокчунун айтуучулук, аткаруучулук чеберчилиги «Алманбеттин жомогунда», «Алманбет менен Чубактын чатагында» таасын байкалат. Аталган үзүндүлөрдү Бакчиев «Манаска» мүнөздүү сабатмалуу (речитативдүү) обондордо, ымдоо-жаңдоолордо айтса да, тек гана ага таандык өзгөчө манераны, стилди, обондуулукту, артистизмди баамдайбыз. Талантаалынын андай өзгөчө айтуучулук устаттыгы Бакуда, Санкт-Петербургда, Улан-Батордо, Ташкенде, Бишкекте өткөн эл аралык фольклордук фестивалдарда калыстар тобу, угуучулар тарабынан жогору бааланып, лауреат болот.

- Талантаалы мырза, «Манас» айтуу менен бирге окумуштуу катары «Манасты» иликтеп да жүрөсүз. Абалтан ата-бабаларыбыз жомокчуну «манасчы» дегени кандай?

- Ачык айтсам, азыркы күнгө чейин бир дагы жомокчунун жүзү терең илимий мааниде назарыбызга тартуулана элек. Бул өнөр ээсин ар ким, ар кайсы учурда, ар кандай атап келди. Азыр да атоодо. Алсак, окумуштууларыбыз бирде «жомокчу» дешсе, бирде «ырчы», бирде «акын», бирде «дастанчы» дешти. Акырында болсо, алар «манасчыга» токтолушту. Бир мисалга кайрылайын. 1930-жылы 27-майда «Кызыл Кыргызстан» гезитине Х.Карасаевдин «Манас» аттуу макаласы жарыяланган эле. Автор ошол макаласында «жомокчу» деген элдик сөздүн тагдырын кескин өзгөртүп, кыргыз совет адабиятына, көп өтпөй жалпы совет адабиятына жаңы, «манасчы» деген терминдин киришине себепкер болду. «Манастын» өзүндө:
«Эзелкинин жомогу,
Эстесек келээр оролу.
Байыркынын жомогу,
Баштасак келээр оролу», – деп айтылат.
Ал эми «Манаста» «Каныкейдин жомогу», «Алманбеттин жомогу» деген чоң бөлүктөр бар. «Жомок» десек эле «жөө жомокту» түшүнөбүз. Бул туура эмес. Дагы бир баса айта кетээрим - айтылган учурда «Манасты» эпос деп айтпашыбыз керек. Эгерде ал басылмага жарыяланса, китеп болуп чыкса, «эпос» деп айтышыбыз мүмкүн. Ошондуктан ар бир нерсени өз аты менен атасак жакшы болоор эле. Баса, мен «Олжобай менен Кишимжан», «Курманбек», «Эр Табылды» ж.б. жомокторду «кенже» деп мүчөлөп бөлүштүргөнгө да каршымын.


- Талантаалы мырза, ак дилден баардашканыңызга чоң ырахмат. Айтуучулук, илимий чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин.
XS
SM
MD
LG