Бүгүн Британиянын Тышкы иштер министри Жэк Стро иш сапары менен Иранга келди. Биритания министри Ирандын президенти Мохаммад Хатами жана башка жогорку жетекчилери менен жолугушуп, Ирандын атомдук станциясынын курулушу боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Ошондой эле жолугушуу учурунда Ирандагы адам укугунун абалы, бийликке каршы нааразылык акциясын өткөргөндөрдүн кармалышы тууралуу сөз болот.