Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Ирандык төрт парламентарий нааразылык акциясын улантышты


Иран парламентинин төрт депутаты кечээтен бери өз кызмат ордунан кетишпей, бийликке каршы митинг маалында кармалгандарды бошотуу талабы менен нааразылык акциясын улантышууда. Расмий маалымат боюнча бир нече күнгө созулган нааразылык акциясы учурунда 2 миңден ашуун адам камакка алынган. Алардын арасында сегиз жүз студент бар экендиги маалымдалууда. Нааразылык акциянын катышуучулары Ирандын азыркы жогорку бийлигин кызматтан кетирүүнү жана өлкөдө саясий реформа жасоону талап кылышкан. Ал эми Ирандын бийлик өкүлдөрү мындай нааразылык акциялары АКШнын бийлиги тарабынан уюштурулгандыгын айтып, Кошмо Штаттардын жогорку жетекчилигин айыпташууда.

XS
SM
MD
LG