Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Палестин бийлиги менен жетишилген макулдашууга ылайык, Израил Газа секторунун түндүк бөлүгүнөн өз аскерлерин чыгарып кетти. Эми бул аймактардагы коопсуздук үчүн палестин тарап жоопкер болот. Мунун алдында палестиналык согушчан топтордун үчөөсү: "Хамас", "Фатх " жана "Исламчыл Жихад" Израил менен убактысынча элдешерин жарыялашкан эле.

Жөөт жана палестин чатагынын азыркы бөлүгү тутанганына үч жылга чукулдап калды. Андан берки теракттар менен аскерий чабуулдардан Израилдин 800дөй жараны жана 2400дөй палестин каза тапкан. Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган кан төгүүлөрдөн тышкары Палестинанын башкаруу инфраструктурасы, экономикасы дээрлик талкаланды. Экономикалык кыйынчылыктарды орто катмардагы израилдиктер деле жон териси менен сезүүдө, өлкөнүн туристтик индустриясы ишсиз калган.

Эми жөөт жана палестин тараптын акыркы кадамдары "Жол картасы" деп аталган тынчтык планынын талаптарына ылайык жасалып жатат. Аны аткаруунун биринчи баскычында палестиндердин жөөттөргө каршы кол салууларын токтотуу жана Израилдин оккупацияланган аймактардан чыгып кетүүсү каралган. Учурда жаатташкан тараптар бул шартты аткарууга киришти. Израил оккупацияланган аймактардын айрымдарынан, атап айтканда Газа секторунун түндүк бөлүгүнөн аскерлерин чыгарып кетти. Мунун алдында палестиналык согушчан топтордун экөөсү: "Хамас" жана "Исламчыл Жихад" Израил менен үч, ал эми "Фатх" уюму алты айга элдешүү жарыялап, бул мезгилдин аралыгында куралдуу кол салууларды токтоторун билдиришти. Алардын элдешүү жөнүндөгү жарыя менен бирге койгон шарттарына ылайык, Израил камактагы палестиндерди эркиндикке чыгарышы, палестиндерге каршы кандайдыр бир чабуулдарды жасабашы керек. Белгилей кетчи жагдай, жөөттөр менен элдешүүгө көнбөй жаткан палестин топтору да бар.

Палестин радикалдарынын элдешүү жөнүндөгү жарыясын Израилдин расмий өкүлдөрү көңүл кош маанайда комментарийлешти. Израилдин пикиринде, бул – палестиналык уюмдардын күч топтоо максатындагы амалы жана террорчулардын инфраструктурасы жоюлат дегенди туюндурбайт. Израилдин тышкы иштер министри Сильван Шалом:

- Элдешүү жөнүндөгү макулдашуу Израил менен түзүлгөн жок. Бул палестин бийлиги менен ошол террорчул, экстремисттик уюмдардын ортосундагы макулдашуу. Биз бул макулдашуу боюнча өнөктөш эмеспиз жана палестин бийлигинен террорчулардын инсфраструктурасын жоюуп, мыйзамсыз курал – жарактарды конфискациялап, террордук уюмдардын машыгуу лагерлерин жабууну азыр деле талап кылып жатабыз.

Террордук инсфраструктура жоюлушу керектигин жөөт-палестин чатагын жөндөөдөгү башкы ортомчу - АКШ да белгиледи, бирок Вашингтон палестин топторунун жарыясын кубаттады.

Баяндамачылардын пикиринде, азырынча Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка үмүт гана бар, ишеним күч деп ырасташ кыйын. Башкача айтканда, кырдаалды морт буюмга салыштырууга болот.

Эгер тараптар жөөт – палестин чатагынын 33 айга созулган азыркы бөлүгүнөн чыгуу аракеттерин улантып, окуялар "Жол картасы" планына ылайык оң багытта өнүккөн учурда, 2005-жылга барып көз карандысыз Палестин мамлекети түзүлүшү керек. Кандайдыр бир террор аракеттери же ага жооп берүү зарыл деп эсептеген Израил армиясынын чабуулдары кайра эле отко май тамызышы толук ыктымал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG