Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Иран эл аралык өзөктүк курал көзөмөлдөөчү уюмдун жетекчиси менен сүйлөшүү нийетин жарыялады


Британиянын тышкы иштер катчысы Жэк Стро бүгүн Ирандын президенти Мухаммад Хатами менен жолугуп, Тегерандын өзөктүк программасы тууралуу шектенүүлөргө байланыштуу, Эл аралык Атомдук Энергетика агенттигинин адистерин чакырууга үндөгөн эле.
Стро ошондой эле "Британия Иранга эч бир шартта кол салбайт" деп ишендирди. Ал "саясий системаларынан же коңшуларына келтирген коркунучтан алганда, Иранды Ирак менен салыштырып болбойт" деп айтты.
Стро Тегеранда Хатами менен жолугушкандан кийин, дароо Кабулга жөнөп кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG