Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Талас облусунун мектептери жыл жыйынтыгын чыгарды


ТАЛАС. Облустук элге билим берүү бөлүмүнөн 30-июнь күнү билдиришкендей, быйылкы окуу жылында облустагы жалпы билим берүүчү 108 орто мектепти 4 миң 412 окуучу бүтүрүп чыгышты. Булардын ичинен 104 окуучуга алтын медалга тете деп эсептелген өзгөчө үлгүдөгү жетилүү аттестаттары тапшырылды. Окуу жылынын отчетторунан көрүнүп тургандай, Таластын мектептеринин билим берүүнүн деңгээли дале төмөн бойдон калууда. Бул тармакка бөлүнгөн каражаттарды жергиликтүү бийлик оңду-солду коромжулаган фактылар арбын болду. Натыйжада тармактагы абалды оңдоо үчүн окуу жылы аяктап баратканда облустук элге билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына Бишкектен жаңы жетекчини алып келүүгө мажбур болушкан.

Кабарлар топтомун Бишкекте даярдагандар: Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу

Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG