Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланууда


БИШКЕК. 30-июнда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы өз ишин улантты. Бул күнү депутаттар айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюктун балык чарбасына байланыштуу маалыматын укту. Маалыматка караганда СССР убагында Кыргызстанда 1,5 миң тоннага чейин балык өндүрсө, быйылкы жылы 340 тонна балык продукциясын өндүрмөкчү. Айыл чарбасынын бул тармагын өнүктүрүү үчүн көл, суу сактагыч, көлмөлөргө икраларды чачуу жана аларды толук пайдалануу зарыл деген Костюк, балык чарбаларынын чыныгы кожоюндарын аныктап, аларга бермейин тармакта чарбасыздык улана берерин кошумчалады. Депутаттар «Балык чарбасы жөнүндөгү» мыйзамды аткарып, бул тармактагы башаламандыкты четтетүүгө министрди чакырды.

XS
SM
MD
LG