Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:25

Кыргызстандын тышкы соодасы


БИШКЕК. Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү менен жумурияттын алыскы чет мамлекеттер менен соодасы өсө баштады, деп билдирди дүйшөмбү күнү Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков. Анын айтымында 2002-2004-жылга чейин экспортту көбөйтүү боюнча программа аткарылууда. Ага ылайык быйылкы жылы экспорт 537 млн. долларга жетүүгө тийиш. Өткөн жылы экспорт көлөмү 485 млн. доллар болгон. Анын ичинен 316 млн. долларлык товар алыскы чет мамлекеттерге экспорттолгон. Министрдин айтымында, кошуна мамлекеттердин транспорт каттамына, чек арадан өтүүгө жана башка багыттарда чектөөлөрдү киргизүүсү менен алар менен соода көлөмү кыскарууда. Эл өкүлдөрү маселени талкуулоону улантышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG