Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Түштүк Кыргызстанды чыр-чатаксыз өнүктүрүү долбоору


ЖАЛАЛАБАД. Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын мына ушундай долбоорунун координатору Жанна Саралаевадан 30-июнда алынган маалыматка караганда, ага кыргыз-өзбек чек арасына жанаша жайгашкан Алабука жана Аксы райондорунун атуулдары менен бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү жана жетекчилери катышты. Аларга тынч өнүгүүнүн жол-жоболору, эки өлкөнүн, эларалык уюмдардын мыйзамдары түшүндүрүлдү. Чек ара бажы тоскоолдуктары менен социалдык проблемаларды жамааттардын донор уюмдардын долбоору аркылуу чечүү мүмкүндүгү үйрөтүлдү. Семинар катышуучулары Өзбекстандык чек ара жана бажы кызматтарынын үстөмчүлүк жорук-жосундарын айтышты. Эки элдин тынч жашоосуна ушундай тоскоолдуктар шек келтирээрин белгилешти.

XS
SM
MD
LG