Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Аудиторлор текшерүүнү аяктады


БИШКЕК. Голландиянын «Хивос» уюмунун тапшырмасы менен «PWC» аудитордук компаниясы Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин финансылык ишмердүүлүгүн текшерип бүттү. Эми аудиторлор өз текшерүүсүнүн жыйынтыгын «Хивос» уюмуна тапшырышат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин мурдагы кызматкерлери Рыскелди Момбеков жана Качкын Булатов билдирди. Алардын айтымында, 7күндөн кийин текшерүүнүн жыйынтыгы аудитордук текшерүүнү талап кылган комитеттин мурдагы мүчөлөрүнө да берилмекчи. Бирок Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин бухгалтери Сурмагүл Масакееванын маалыматы боюнча, аудитордук текшерүү сонуна чыга элек, ал уланууда. Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин финансылык ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн комитеттин мурдагы мүчөлөрү Качкын Булатов, Рыскелди Момбеков жана Болот Тыналиевдин талабы менен 25-июнда аудиторлор келген.

XS
SM
MD
LG