Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


БИШКЕК. Бул күндөрү Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги сүйлөшүүсү жүрүп жатат. Ал сүйлөшүүдө кыргыз тараптын делегациясын тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиева, тажик тараптыкын Тажикстандын тышкы иштер министринин орунбасары Салахиддин Насирдинов жетектөөдө. Өкмөттүн басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, делегациялар чек араларды делимитациялоонун укуктук базасын аныктоо, жер пайдалануу, картография жана топография боюнча үч топко бөлүнүп, үч багытта сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө. Сүйлөшүүлөр шейшемби күнү аяктамакчы. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкы раунду өткөн жылдын аягында Бишкекте, экинчи раунду быйылкы жылдын баш чендеринде Дүйшөмбү шаарында өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG