Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

ТАЖИКСТАНДАГЫ РЕФЕРЕНДУМ: ТЕТИРИ ҮЙҮТ ТЕЗ ЖУГАТ


Өткөн жекшембиде Тажикстанда өткөрүлгөн референдум, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын баасында, өмүр бою президент болуп өткүсү келген борборазиядагы авторитардык лидерлердин катарын толуктады. Тажик бийликтери коңшулаш бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда сыналган тажрыйбага салып, конституцияга элүүдөн ашуун өзгөртүүлөрдү киргизишти жана мунун баарын демократиянын кезектеги жеңиши катары көрсөтүштү. Бирок байкоочулар мындай жеңиштин арты тажик коому үчүн өтө кымбатка туруп калышы да мүмкүн деп эскертишет.

Борборазиядагы референдумдар эч кимди деле таң калтырбай калган болчу. Бирок Тажикстандагы бул жолку саясий акция баарынан ашып түштү дешет: биринчиден, анын жыйынтыгы эки сааттын ичинде эле аныкталып калды. Добуш берүү эрте менен саат сегизде башталган болчу, ал эми саат ондо борбордук шайлооком дээрлик үч миллионго чукул шайлоочулардын теңинен көбү – 53 проценти бюллетень таштап бүткөндүгүн жарыялады. Мунун өзү элдик плебисцитти мыйзамдуу деп тааныганга толук жеткидей көрсөткүч эле. Айрым санакчылар ар бир секунд сайын 200дөн блюютень толтурулуп турганын эсептеп чыгышты. Мынчалык ыкчамдык менен добуш берген учур, россиялык гезиттер бир ооздон белгилешкендей, дүйнөдө али бир да өлкөдө байкала элек. Экинчиден, референдумда жактырылган конституциялык жаңы нормалар азыркы президент Эмомали Рахмоновго дагы 17 жыл бийликте калганга мүмкүндүк ачты. Ушу таптагы дүйнөлүк лидерлердин биринде да мындай перспектива жок, деп белгиледи муну россиялык “Время-новостей” гезити.

Тажикстандагы референдумдун натыйжаларын эл аралык укук коргоочу уюмдар ошол эле күнү комментариялап чыгышты. Алардын баары, айрыкча Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch тажик бийликтери уюштурган бул ишти референдум деп атагандан тартынышты. Америкалык “Fox-news” телеканалынын комментатору болсо Тажикстандагы плебисцитте шайлоочулардын 93 проценттен ашыгы конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоп бергендигин маалымдап, муну Советтер Союзунун тушундагы шайлоо кампанияларынын карикатурасы деп атады. Акырында бул окуяга Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти да өз пикирин билдирди. Конституциялык референдум ачык-айрымдыгы жагынан эл аралык стандарттарга төп келиши керектиги тажик бийликтерине бир нече курдай эскертилген эле, - деп айтты Вашингтондогу пресс-конференцияда мамдептин өкүлү Филип Рикер. - Тилекке каршы, өткөн жекшембидеги референдум андай стандарттарга караандай алган жок.

Тажик бийликтери мындай бааларга жана пикирлерге, арийне, макул эмес. Президент Рахмонов өзү референдумду өлкөдөгү демократиянын жаңы деңгээлин көрсөткөн иш болду деп сыпаттады. Ал эми мындай маанилүү окуянын күбөкери болуудан баш тартып, өз байкоочуларын жибербеген ООН жана ОБСЕ өңдүү абройлуу уюмдардын чечимин комментариялап, Тажикстан көз карандысыз өлкө экенин, андыктан анын конституциясына кийлигишүү эгемен мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү иретинде баалана тургандыгын, мындай маселелерди тажик эли өзү гана чечерин эске салды. Президенттин пикирин бышыктап, шайлоокомдун төрагасы бул иште ООН менен ОБСЕнин Тажикстан үчүн таптакыр мааниси жок деп айтты.

Рахмонов 2006-жылдагы президенттик шайлоого катышар-катышпасын али чече электигин да ырастады. Бу соболго жооп бергенге азыр таптакыр даяр эмесмин, деп айтты ал. Эртең эмне болуп кетерин эч ким билбейт, анын үстүнө сөзсүз жаңы кандидаттар чыгат, биз буга көнүшүбүз керек, деп белгиледи тажик президенти.

Байкоочулар Рахмоновдун мындай аярлыгында жүйөө бар дешет. Кокус картасын азыртан ачса, бу жолку референдумдун куну ага чын эле өтө кымбатка туруп калышы ыктымал. Ансыз деле өлкөдөгү оппозициялык бардык күчтөр – демократтар, социалисттер, социал-демократтар, атүгүл “Бирдиктүү Тажикстан” партиясы – баары жапырт референдумга каршы чыгып, ага байкот жарыялашты. Эски корбашылар корпусу кайрылуу жасап, кокус Рахмонов бийликте калчу болсо кайрадан куралдуу каршылык ыкмасына өтүшөрүн эскертишти. А эгер Рахмонов оппозицияны баса көктөп басканга киришсе, анда тажиктерден жаңы Хомейни чыгарын бөркүндөй көргөндөр бар. Демократия дегенден журт көчкөндөй көңүлү калган күчтөрдүн көбү региондогу экстремисттик топторду толуктаганга дээрлик даяр турат дешет.

Тажикстандагы референдумга Кремль, Борборазиядагы өлкөлөр терс мамилесин билдиришкен жок. Сапармурат Ниязовду айтпаганда да, эксперттердин пикиринде, Ислам Каримовдун же Нурсултан Назарбаевдин режими өздөрү түзгөн өнөгөгө өздөрү каршы чыга алмак эмес. Региондо эми такылет президенттердин тизмесин толуктабаган бир эле Кыргызстандын лидери калды дешет. Бирок тажик бийликтери өткөн жекшембидеги плебисцитте бир эле бюллетень менен негизги мыйзамдын тең жарымынан ашыгын өзгөртүп алган Кыргызстандын тажрыйбасын колдонду. Мүмкүн, эмки кезмет кайрадан Бишкекке өтүшү ыктымал. Эмнеге дегенде Борборазияда саясат чөйрөсүндө тетири үйүт өтө тез жугуп, сармердендин кезегинен бетер регионду тегеренип жүргөнү баарына дайын.
XS
SM
MD
LG