Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

АКШ МЕНЕН ЕВРОПА БИРИМДИГИ ОРТОСУНДАГЫ ЖАҢЫ АРАЗДАШУУЛАР


Нарын АЙЫП, Прага Бир топ Батыш Европалык бир катар мамлекетер Америка Кошмо Штаттарынын Ирак саясатын сынга алганы белгилүү. Бирок ага чейин эле АКШ менен Европа Биримдигинин ортосунда айыл чарба боюнча да бир кыйла орчундуу араздашуу болуп келген жана июн айында америкалык президент Жорж Буш Биримдикти сынга алып, анын саясаты Африкадагы ачарчылыкты да күчөтүп жатат деп билдирди.

Айыл чарба көп деле жогору киреше бербегени белгилүү, ошондуктан бардык өнүккөн мамлекеттер өз фермерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө мажбур. Бул маселе боюнча Европа Биримдиги менен ага эмдиги жылы жаңы мүчө болуп кошула турган өлкөлөр ортосунда да араздашуу чыккан. Батыш европалык өлкөлөрдүн фермерлерине Биримдик бир топ жогору каржылык жардам көрсөтөт, бирок уюмга кошула турган жаңы мамлекеттердин фермерлерине алгачкы жылдарда андай жардам толук өлчөмдө каралган эмес, ошондуктан чыгыш европалык өлкөлөрдүн айыл чарбасы дагы көпкө чейин Батыш фермерлери менен толук кандуу атаандаша албайт.

Ушуга окшош абал батыш европалык жана америкалык фермерлердин ортосунда да түзүлгөн, анткени АКШ өкмөтү өз фермерлерине кеңири колдоо көрсөткөндүктөн, бул жерде дагы, Европа Биримдигинин айтымында, тең салмактуулук бузулууда. Андан тышкары, америкалык айыл чарбада гендик инженерия кеңири колдонулат жана кээ бир өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн гендери өзгөртүлгөндүктөн, алар, мисал үчүн, кургакчылыкка көбүрөөк туруштук бере алат. Жакында АКШ президенти Жорж Буш ушул маселе боюнча дагы Европа Биримдигин катуу сынга алды.

Африка мамлекеттеринин айыл чарбасынын жакшы өнүкпөгөнүнүн себептеринин бири - кургакчылык, ошол себептен АКШ бул өлкөлөргө буудайдын дал ошондой өзгөртүлгөн үрөндөрүн берүүнү көздөйт, Европа Биримдиги болсо ага каршы, ошондуктан 23-июнда президент Буш европалык жетекчилерди сынга алды: "Африкадагы ачарчылыкты жоюу максатында, мен европалык өкмөттөрдү - биотехнологияга каршы чыкпоого чакырам".

Биотехнологияны колдонуп, азык-түлүк жана өзгөчө кээ бир өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн гендик инженерия менен өзгөртүү иштери АКШда мындан он жыл мурда башталган жана технологиянын бул тармагы азыр бүткүл дүйнөдө кеңири өнүгүүдө. Бирок батыш европалык окумуштуулар бул маселеге өтө этияттык менен мамиле кылат жана андай гендик инженериядан күтүүсүз бир балакет чыгып кетишинен коркот. Мисал үчүн, акыркы жылдарда кээ бир европалык мамлекеттерде уйлардын кутурма оорусу пайда болуп, бир топ кесепет алып келген.

Ошондуктан европалык окумуштуулар - биотехнологияны өтө этият менен пайдаланып, гендештирилген азык түлүктүн мүмкүн боло турган кесепеттери өтө кылдат текшерилип чыккандан кийин гана аларды кеңири колдонуу керек деген пикирде. Андан тышкары, айрым окумуштуулардын айтымында, кургакчылыкка туруштук бере ала турган буудайдын үрөндөрүнөн андай өзгөртүлгөн гендер отоо чөптүн уруктарына өтүп кетсе, андай отоо чөп кийин эч нерсеге моюн бербей өсүп кетиши мүмкүн.

АКШ болсо Европа жетекчилеринин мындай этияттыгын алар Африка өлкөлөрүнө жардам берүүгө каршы чыгууда деп чечмелөөдө. 24-июнда болсо Европалык комиссия атайын билдирүү жасап, гендештирилип күчөтүлгөн үрөндү башка өлкөлөргө сатуу маселесин Африкага жардам көрсөтүү проблемасы менен байланыштырбаш керек деп билдирди.

АКШ жетекчилигинин айтымында, Батыш Европалык өлкөлөрдүн азыркы туруму - Африкада өндүрүлгөн эгинди кийин өзүнө импорттобоо үчүн да пайдаланышы мүмкүн. Бирок европалык эксперттердин пикиринде, АКШнын өзүнүн жалпы саясаты - башка өлкөлөрдө өндүрүлгөн азык-түлүктү гана эмес, мисал үчүн, Европада өндүрүлгөн болотту да америкалык базарга чыгарбоого каршы багытталган, ошондуктан импорт маселеси менен дагы гендештирилген үрөндөрдү байланыштырбаш керек.
XS
SM
MD
LG