Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Бишкекте Индия товарларынын көргөзмөсү ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Тарых музейинин имаратында Индиянын Кыргызстандагы көргөзмө-жарманкеси ачылды. Ага арналган салтанатка Индиянын Кыргызстандагы элчиси менен Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов баштаган расмий өкүлдөр катышты. Көргөзмөгө Индиянын 50 компаниясы катышууда. Тараптардын былтыркы макулдашуусуна ылайык быйыл Индиянын компаниялары жарманке-көргөзмөнү экинчи ирет өткөрүүдө жана ал алты күнгө созулат. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамиле 1990-жылы түзүлүп, ага удаа эле соода-экономикалык кызматташтык маселеси макулдашылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG