Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Улуттук Банктын башчысы: «Быйыл инфляция 4% ашпайт», - деп билдирди


БИШКЕК. Өлкөнүн башкы банкынын былтыркы ишмердүүлүгү туурасында бүгүн Улуттук Банктын башчысы Улан Сарбанов маалымат жыйынын өткөрдү. Анда айтылгандарга караганда, Улуттук Банк былтыркы өз ишмердүүлүгүнөн 857 млн. сом пайда таап, анын 600 млн. сомун бюджетке которуп берген. Ал эми инфляция төмөн болуп, 2,3% түзгөн. Өлкөнүн коммерциялык банктары өткөн жылды 84 млн. сом пайда менен аяктаган жана бардык банктар өздүк капиталын 30 млн. сомго жеткиришкен. «Быйыл болсо инфляциянын көлөмү 4% ашпайт», - деп билдирди Улуттук Банктын башчысы маалымат жыйынында.

XS
SM
MD
LG