Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

ЕККУнун төрагасы июлдун башында Бишкекке келмек болду


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы, Нидерланды Королдугунун тышкы иштер министри Яаап де Хуп Схеффер 6-июлдан 11-июлга чейин Казакстанды, Өзбекстанды, Кыргызстанды жана Тажикстанды кыдырууну болжоп жатат. Ал иш сапарынын учурунда тиешелүү тараптар менен демократия, сапаттуу башкаруу, экономикалык кызматташтык, коопсуздук жана аскерий-саясий тармак маселелеринин айланасында пикир алышат. Иш сапарынын учурунда ЕККУнун төрагасы расмий чөйрөдөн тышкары жарандык коомдун, укук коргоо уюмдарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен да жолугушмакчы. Кыргызстанга Яаап де Хуп Схеффер 9-июлда келип, иш сапарынын алкагында «Ганси» авибазасына да бараары болжолдонууда. Авиабазада голландиялык Ф-16 үлгүсүндөгү аскерий учактар бар. ЕККУнун төрагасы жана Нидерландынын тышкы иштер министри Ооганстанда жайгашкан голландиялык аскер корпусу менен да барып жолугушмакчы. Бул тууралуу бүгүн ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси маалымат таратты.

XS
SM
MD
LG