Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Норвегия министри Бишкекте


БИШКЕК. 1-июлда Бишкекке эки күндүк иш сапары менен Норвегиянын өзгөчө кырдаалдар министри жана БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча комитетинин башчысы Берге Бренде келди. Ушул эле күнү президент Аскар Акаев менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, гидроэнергетикалык, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы кызматташтык, жакырчылыкка каршы күрөш маселелеринин айланасында пикир алмашты. Норвегия делегациясы ушул эле күнү Кыргызстандын экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашевдин коштоосунда Ош облусунда болуп, тармактын кесиптик майрамы 1-июль - куткаруучулар күнүнө арналган салтанатка катышты. Норвегиянын өзгөчө кырдаалдар министринин иш сапары 2-июлда соңуна чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG