Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

АРМЕНИЯДАГЫ ЖЕТИМ БАЛДАРДЫ АСЫРООНУН КӨМҮСКӨ БААСЫ ӨСҮП БАРАТАТ


Бүбүкан Досалиева, Прага Армениядагы жетим балдарды чет өлкөлүк жарандардын асырап алуусу кадимки көнүмүшкө айланды. Расмий маалыматтар боюнча, бардык жетим балдардын 10 проценти азыр чет өлкөлүк жарандардын карамагына өттү. Бирок, мындай соопчулуктун аркасы менен өз чөнтөгүн көмүскө акчага толтурган жарандар да пайда болуп, ал жалпы улуттук маселеге айланып барат.

КМШдагы башка мамлекеттер сыяктуу эле кийинки кезде Арменияда жетим балдардын саны көбөйүп, алардын далайы Еревандын чет жакасындагы балдар үйлөрүндө жашашат. Сыртынан караганда, телегейи тегиз көрүнгөн менен алардын келечек тагдыры кандай болот деген ой Армения өкмөтүн да ойлонтуп, жетим балдарды чет элдик жарандардын асырап алуусун расмий түрдө кубаттап, мындай ишти уюштуруучу атайын агенттиктер да түзүлгөн. Өкмөт да бир катар тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү кирген комиссия түзүп, асыроонун мыйзамдуулугуна көз салууга милдеттендирген. Аталган комиссиянын жетекчиси Арам Карапетян:

- Менин оюмча, балдар бул жерге караганда асырап алган ата-энесинин колунда өздөрүн жакшы сезишет.

Бирок, бул соопчулук иш жетимдин ырыскысынын аркасы менен өз чөнтөгүн кампайтууга далбастаган шылуундарды пайда кылды. Армения-Америкалык бир биргелешкен уюмдун Тоолуу Карабакта иштеген өкүлү Ара Маногиян коррупциянын мына ушундай жаңы көрүнүшү калыптанып бараткандыгын “Азаттык” радиосуна кабарлаган. Анын айтымында, Арменияда бир баланы асырап алуу үчүн ортомчуларга кеминде 9 миңден 13 миң долларга чейин пара берилет. Ал муну Женифер Смит деген жашыруун ат менен иликтеп, өткөн жылы Ереванда жайгашкан эки агенттик АКШнын Техас штатына жазган электрондук катында жазгандыгын далилдеген. Андан тышкары 3 жаштагы бир баланы асырап алган америкалык жубайлар ушул жылдын февраль айында 12 миң доллар беришкендигин, анын миң доллары балдар үйүнө, 500ү баланын тамак-ашына, 1500 доллары ортомчуга кеткендигин аныктаган.

Албетте, өкмөттүк комиссия башчысы Арам Карапетян комиссия мындай жорукка жолобойт деп ишендирүү менен бирге, эгер чет элдик жаран атайын комиссияга эмес, шылуундарга ишене турган болсо, өз шору экендигин баса белгилейт:

- Эгер бирөө сизге келип: “ Менде сиз каалаган буюм бар, сиз мага 20 миң доллар берсеңиз мен сизге ал буюмду берем” десе, бул жерде эч кандай бюрократия жок да. Ошон үчүн мен бала асырап алууну каалаган чет элдиктерге дайыма “алдатып койбогула” деп эскертем.

Армения өкмөтү анткен менен бул ишке көзөмөлдүктү катуу коюп, балдардын армян улутундагы чет элдик жарандардын колуна баруусуна далалаттанууда. Ал үчүн арыз берген жарандар алты-жети айлаган сынактан, тактап айтканда, алгач комиссия мүчөлөрүнүн, андан кийин өкмөттүн толук курамынын аңгемелешүүсүнөн өтүшөт. Алар баланы кор кылбай тургандыгы анык болгондо гана бала алардын колуна берилет. Мындай тартипти армяндардын үй-бүлөдөгү улуттук каада-салты да талап кылат. Ал эми армяндардын Интернеттеги сайтында бир баланы асырап алууга кетчү чыгымдын баасы 100 доллардан ашпай турганы жана ортомчуларга эч кандай кол акы берилбеси да эскертилет. Бирок, өткөн жылы жетим балдар үйүнө армян улутундагы эки гана чет элдик үй-бүлө бала издеп кайрылган.

Армениянын балдар үйүндө болсо азыр 600 бала бар. Мындан тышкары өлкө ичинде Советтер Союзу кулагандан кийинки экономикалык кыйын кезде 3 миллионго жакын бала кароосуз калган. Өткөн жылы Еревандын жанындагы Норк-Мараш деген жетим балдар үйүндөгү 30 гана бала кайрымдуу адамдардын колуна өткөн.

Анткен менен жетим балдарды асырап алуунун арты менен пайда табуу азыр улуттар аралык коммерцияга, глобалдуу проблемага айланып барат. Буга чейин Азия, Латын Америка, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө өсүш алган бул кылмыштуу иш-чаранын кылтагына кийинки учурда чамасы чарк КМШ мамлекеттериндеги кароосуз балдар да илинүүдө.

XS
SM
MD
LG