Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:45

УКРАИНАНЫН ЖАҢЫ КОРГОО МИНИСТРИ БУЛ ТАРМАКТЫН КӨЙГӨЙҮН ЧЕЧЭЭР БЕКЕН?


Бүбүкан Досалиева, Прага Украинанын президенти Леонид Кучма өлкөдө ири саясий салмагы бар Евген Марчукту Коргоо министрлик кызматка дайындады. Анын бул кызматка келиши менен кедейликке белчесине баткан украин армиясын реформалоо жанданат, коррупциянын тамырына балта чабылабы же жокпу деген суроо пайда болду.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башына келген Евген Марчук 62 жашта. Ал 1963-жылы педагогикалык институтту бүткөндөн тарта мурдагы Советтик Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматында көп жыл иштеп, 1990-жылы Украинанын КГБ төрагысынын биринчи орун басарлыгына чейин жеткен. Ири саясатка 1994-жылдан баштап аралашып, 1995-96-жылдарда Премьер министр да болгон. 1999-жылы Леонид Кучма менен атаандашып, президенттик шайлоого катышып, экинчи айлампасына чыккан. Бирок, ага катышпай эле,Леонид Кучманын талапкерлигин колдоого өткөн. Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Леонид Кучма аны ошол жылдын күзүндө эле Улуттук коргоо жана коопсуздук кеңешинин катчысы кылган.

Ушундан улам Евген Марчуктун Коргоо министрлик кызматка келиши өлкө ичиндеги чоң жаңылык деле эмес. Ал тууралуу аскерий маселелерди иликтөө боюнча Киевде жайгашкан көз карандысыз Розумков борборунун директору Леонид Поляков:

- Марчук мырза, Марчук генерал. Ал өтө тажрыйбалуу жана интеллигент адам. Эгер ага кай бир жагдайлар эле тоскоолдук кылбаса, ал Коргоо министрликке татыктуу адис, - дейт.

Анын баамында, бирок, Марчук өлкөдөгү эч бир саясий күчтөргө жан тартпайт, парламенттеги топтор менен да катыш-чалышы чамалуу. Ошондуктан, ал парламентарийлердин колдоосун табышы күмөн. Анткени, Украинанын каражаттын аздыгынан алсырап, араң жан болуп турган армиясын жакшыртуу үчүн ага көп акча таап, бөлдүрүүсү, анан калса аны парламентарийлердин алдына барып далилдеп, колдоосуна ээ болуусу абдан зарыл. Поляковдун оюн угалы:

- Анткени, кайсы тармакка канча акча бөлүүнү парламент чечип, мыйзамдарды кабыл алат. Ошон үчүн министр парламенттин колдоосун табышы керек. Эгер колдоо таппаса, президенттин куралдуу күчтөрдү реформалоо жөнүндөгү максаты мурдагыдай болуп ишке ашпай калышы толук мүмкүн. Эгер каражат бөлүнсө анда реформалоо уланып, куралдуу күчтөрдө радикалдуу өзгөрүүлөр башталат. Реформа уланса көптөгөн инвестиция келиши ажеп эмес.

Украинанын мурдагы коргоо министри Володимир Скидченко так ушул реформанын илең-салаң жүргүзүлгөндүгүнөн улам Кучманын каарына калып, кызматынан чегинүүгө аргасыз болду. Кучма ал кызматтан кетүү тууралуу арызын бергиче армияда өзгөртүү жүргүзбөйсүң, коррупцияны жое албай койдуң деп бир канча ирет жекирген эле. Эми жаңы Коргоо министри армияга жарандык көзөмөлдү күчөтүп, Европада саны боюнча Германиядан кийин экинчи орунда турган Украина армиясына аздыр-көптүр жаңылыктарды алып келет деген ишенимде экендигин жарыя кылды.

Албетте, Украина армиясынын абалы начар, акча жетишпейт. Кызмат өтөөгө чакырылгандардын баары каалап чуркап келишпейт, келгендеринин ден соолуктары жакшы эмес. Алар илгеркидей эле узун барактарда жашап, начар тамактанышат.Аскердик күжүрмөн даярдык мындай турсун кадимки машыгуулардан жаңылгандары көп. Муну 78 адамдын өмүрүн алып кеткен былтыркы кырсык аныктаган. Машыгуу жүргүзүп жаткан украин аскерлери 78 жүргүнчүсү бар ТУ –154 самолетун жаңылыш атып алышып, өз жөндөмсүздүгүн бүткүл дүйнө алдында ашкере кылган.

Марчуктун Коргоо министр болушу анткен менен, Түндүк атлантикалык альянска Украинанын мүчөлүккө өтүүсүн тездетиши мүмкүн. Анткени, Марчук бул тилектин эң күчтүү жактоочусу. Ал бул уюмга мүчө болуу үчүн бардык талаптарды аткарууга жан үрөшкө даяр. НАТОдогулар да Марчукту бул тармактын күңгөй-тескейин жакшы билген, иш билги жана чапчаң саясатчы катары билишет. Анан калса ал англис жана немец тилдеринде жакшы сүйлөп, эл аралык байланыштарды күчөтүүнү жактаган адис.

Саясат изилдөөчүлөрдүн баамында,бирок, анын бул аракеттерине Украинанын бул аракетине Кучманын коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз деген куру сөзү, адам укуктарын басмырлаган окуялар жана Киевдин Саддам Хусейнге курал сатам деген аракети тоскоол болушу толук мүмкүн.
XS
SM
MD
LG