Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Баткен мамлекеттик университетинде укуктук маалымат борбору ачылды


БАТКЕН. «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашкан бул долбоордун ачылуу салтанатына бул уюмдун аткаруучу директору Медет Төлөгөнов, облус губернатору Мамат Айбалаев, айрым облустук башкармалыктардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аземди Баткен мамлекеттик университетинин ректору Илимидин Абдрасулов ачып, борбор тууралуу маалымат берди. Ал борбордун кызматынан студенттер эле эмес, жалпы эле Баткен шаарынын тургундары пайдалана алаарына токтолду. Ал эми губернатор Мамат Айбалаев өз сөзүндө Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш жайгашкан Баткен облусунун калкы үчүн мындай борбордун өтө зарылдыгын белгилеп, элдин укуктук билимин жогорулатууну көздөгөн мындай долбоорду колдогону үчүн «Сорос-Кыргызстан» фондуна ыраазылык билдирди. Жалпы наркы 12 миң доллар болгон бул борбор тиешелүү адабияттар жана Интернет байланышына кошулган компьютерлер менен жабдылган. Борбор укуктук кеп-кеңештерди гана бербестен, адам укугун коргоого багытталган иш-чараларды да уюштуруп турмакчы.

XS
SM
MD
LG