Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52
БИШКЕК. «Жакынкы 10 жылда дүйнөлүк үчүнчү согуш чыгышы ыктымал жана ал кан төгүүдөн Борбор Азия мамлекеттери да четте калбайт», - деп билдирди азыр Кыргызстанда жүргөн будда кечили Тэрасава Дзюнсей бүгүнкү маалымат жыйынында. Маалымат жыйыны укук коргоочу Турсунбек Акундун демилгеси менен өттү. Жапон улутундагы Тэрасава Дзюнсейдин айтымында, Югославиядагы, Чеченстандагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Ирактагы согуштардын чыгышына АКШ баштаган байгер мамлекеттердин жер шарынын табигый байлыктарына көз артышы себеп болууда. «Борбор Азия жанар тоонун үстүндө, бычактын мизинде турат. Жакынкы жылдары Борбор Азияда Чыгыш менен Батыштын цивилизациялары кагышып, ал окуялар отун-суу тартыш болгон, этникалык жана диний араздашуулар күч алган учурга туш келет», - деди Тэрасава Дзюнсей. Анын айтымында, согушту токтотуш үчүн адамзат байлык куугандан баш тартып, Борбор Азия менен байыркы Чыгыштын рухий тазалыгына кайтып барууга тийиш. Будда кечили Тэрасава Дзюнсей дүйнөнүн Ирак, Югославия, Чеченстан сыяктуу өрт күйгөн очокторунда өткөргөн тынчтык акциялары менен белгилүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG