Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Оппозициячыл айрым депутаттар президентке берилчү кепилдиктерге каршы чыгышты


БИШКЕК. Жакында Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган «Кыргыз Республикасынын президентинин ишинин кепилдиктери жөнүндөгү» жана «Кыргыз ССРинин айрым категориядагы партиялык кызматкерлеринин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамдарга байланыштуу «А. Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы президент Аскар Акаевдин наамына кат жолдоду. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги маалымат жыйынында ушул кыймылдын төрагасы, депутат Азимбек Бекназаров билдирди. Катта кыймыл Жогорку Кеңеш талкуусуз кабыл алган бул мыйзамдар Конституцияга кайчы келээрин, мындай мыйзамдардын кереги жоктугун белгилеп, президентти аларга кол койбоого чакырган.
А. Бекназаровдун айтымында, ушундай эле кат Коммунисттик Партиянын Борбордук Комитетинин мурдагы баш катчылары Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиевдин наамына да даярдалууда.

XS
SM
MD
LG