Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

НАТОнун баш катчысы Кыргызстанга келиши күтүлөт


БИШКЕК. НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон Кыргызстанга расмий иш сапары менен июль айынын экинчи жарымында келиши күтүлөт. Мындай маалымат бүгүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Жорж Робертсон президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрү жана коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушмакчы. Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен НАТОнун ортосундагы кызматташтык, эл аралык терроризмге каршы күрөш жана Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери талкууга алынмакчы.

XS
SM
MD
LG