Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

ЧЕК АРА САРСАНААСЫ


Ушул аптанын башынан тартып кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча өкмөт аралык комиссия иштөөдө. Анын жыйынтыгы бүгүн же ушул жуманын аягында чыгарылмакчы. Буга чейин эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр былтыр Дүйшөмбү шаарында өткөн.

Өзбекстан менен чек араны тактоо иши 2000-жылдын февраль айынан башталган, арада бир нече ирет өкмөт башчыларынын, алардын орун басарларынын деңгээлинде расмий жолугушуулар өттү. Чек араны аныктоо, тактоо, белги коюу кара жумушу эки өлкөнүн ортосундагы эксперттик жумушчу топко жүктөлгөн.

1400 чакырымдан ашуун чектин теңине жакыны азырынча тактала элек. Тажикстан менен чек араны аныктап-тактоо аракети өткөн жылдан тарта чындап колго алынды. Өкмөт аралык жумушчу топтун алгачкы отуруму былтыр Дүйшөмбү шаарында башталган. Быйыл улантылып жаткан комиссиянын кезектеги отурумунда негизинен үч маселе жайында сүйлөшүүлөр жүрөөрү маалымдалууда. Комиссия ириде эки өлкө ортосундагы чек аранын укуктук маселелерин аныктап чыгышы керек. Ага улай жерди пайдалануу, жер бөлүү маселелери жаатында сүйлөшүүлөр улантылып, жердин картага түшүрүлүшү, топографиялык сыпаттамасы дагы бир сыйра такталып чыкмакчы. Өкмөт аралык комиссиянын иши жабык эшик артында өтүүдө. Өкмөт аппараты менен Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматтары тараткан кыскача кабарларга караганда, комиссия отуруму бул ирет тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде чогулду. Кыргызстан тараптан республиканын тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева, Тажикстандан тышкы иштер министринин орун басары Салахиддин Насреддинов жетекчилик кылышууда.

Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун айтымында, эки өлкөнүн тоо аймактарынын чегин аныктоодо анчалык деле чоң проблема чыккан жок:

- Тажикстан мамлекети менен болгон чек арабыздын узундугу миң километрге жакын экен. Чоңалай тоо кыркасы менен Түркстан тоо кыркасынын кырлары менен өткөн чек ара маселесинде талаш жок. Бирок, өрөөндүү райондорго келгенде чарбалык маселелерден пайда болгон чек ара сызыгынын өтүшү тууралуу ар түрлүү ойлор болгон жерлер бар. Негизги сүйлөшүүлөр мына ошол чек ара сызыгынын өтүшүн тактоого арналат. Мына, жалпысынан алганда Кытай, Казакстан менен чек арабызды делимитациялоону бүттүк. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп атат, чек аранын үчтөн бирин аныктап алдык десек болот.

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу делген жерлер Баткен районундагы Аксай айыл өкмөтүндө арбын. Өткөн жылы «Аксай» айыл өкмөтү менен Тажикстандын Чорку жамааты талаштуу делген жерди пайдаланбоо тууралуу ымалага келишкен. «Кара», «Миңбулак», «Чекдөбө» участокторундагы 50-60 гектир жерге коңшулар ээ чыгып, өрүк көчөттөрүн отургузуп коюшкан. Кыргызстан тарап чек ара маселеси так чечилип, чек так аныкталмайынча андай жерлерди иштетпөө тууралуу тажик бийликтерине кайрылуу жолдогон.

Кошуна калктардын ич ара мамилесин салкындаткан оор маселе - суу проблемасы. Тажик тарап Керавшан тоолорунан чыгып, Тажикстандын аймагы аркылуу кайра эле Кыргызстанга келчү Исфара дарыясынын суусун жолдон буруп, белгиленген өлчөмдөгү сууну жөнөтпөй койгон учурлары көп эле.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча чечилбеген маселелер деле бир топ. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара чатагы 1989-жылы Баткендин Аксайында болуп өткөн. Коммунисттик империянын бирде бул, бирде тигил аймактарында аз-аздан жалбырттай баштаган араздашуунун өртү учурунда бас-бас кылынган. Эгемендикке жетишкен эки өлкө ушу тапта социализмден калган чегин аныктап, тактап алуу жумуштарын жүргүзүшүүдө.

Оголе оор маселенин ар кыл өңүттөрү ушу тапта өкмөт аралык комиссиянын жабык эшик артындагы отурумунда каралып, такталууда. Комиссия азырынча иш жыйынтыгын айта элек.
XS
SM
MD
LG