Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР 3 СААТ БОЮ ДЕПУТАТТАРДЫН СУРООЛОРУНА ЖООП БЕРДИ


Сапар Орозбаков, Бишкек http://gdb.rferl.org/946831F8-D4D3-4EA4-873E-7EB71EC6DDA1_w203.jpg Шейшемби күнү Эл өкүлдөр жыйыны өкмөттүк күн өткөрүүнү улантты. Депутаттар палатанын чечимдеринин, сын-пикирлеринин жана сунуштарынын аткарылышы, быйылкы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн аткарган иши жана палатанын 2002-2003-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча токтомунун аткарылышы сыңары маселелерди карашты. Премьер-министр Николай Танаев 3 саат бою депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Жарым сааттык талкуудан кийин депутаттар бул маселелерди чогуу карап, ал боюнча өкмөттүн докладын укпастан эле, суроо-жоопко өтүүнү чечишти. Эл өкүлдөр жыйынынын маалыматы боюнча, быйыл январь айынан бери сессиялардын 65 токтому, депутаттардын 201 сын-пикирлери жана сунуштары, 31 протоколдук тапшырма өкмөткө жиберилип, көзөмөлгө алынган. Токтомдордун жана протоколдук тапшырмалардын канчасы аткарылып, канчасы аткарылбай калганы белгисиз, ал эми сын-пикирлердин жана сунуштардын 45 эле, же 23% гана аткарылган.

Бул боюнча өкмөттүн өзүнүн эсеби башкачараак болуп чыкты. Өкмөт 44 токтом, 98 сын-пикир менен сунуш көзөмөлдө турат деп эсептейт. Так эсеп болбогондуктан, өкмөт депутаттардын чечими эмне болуп жатканын айтпай, Жогорку Кеңешке жооп бербей койгон учурлар да көп. Жогорку Кеңеш 38 маселе боюнча бир жолудан, 17 маселе боюнча 2 жолудан, 19 маселе боюнча 3 жолудан, 5 маселе боюнча 4 жолудан алардын тагдырын сурап, өкмөткө кат жөнөтүп, жооп ала албай койгон. Бүгүн ошол маселелердин бардыгы депутаттар тарабынан кайрадан көтөрүлүп, премьер-министр 3 саат бою трибунадан түшкөн жок.

Ага жалпысынан 42 суроо берилди. Депутаттар айтылуу Жибек Жолу менен Ш. Жайсаңбаевдан тартып, өз округундагы майда, конкреттүү маселелерге чейин көтөрүштү. Бирок бардыгынын башын чолуп айта берүү камера үчүн эле жакшы болбосо, кандайдыр жыйынтык чыгарыш үчүн натыйжасыз экенин депутаттардын өздөрү да сезип отурушту.

- Николай Тимофеевич, сиз квартал сайын бир жолу депутаттар үчүн ачык эшик өткөрүшүңүз туура болуп жүрбөсүн? Сиз өзүңүздүн кабинетиңизде отура берет элеңиз да. Камераны коюп коюш керек. Айта беришсин. Мага процедура туура эместей сезилет. Биз 3 айда бир жолу премьерди быякка чакырып алып, бардык маселени көтөрүп, чакчелекей кылабыз, - деди депутат Валерий Диль.

Иретсиз өткөрүлгөн талкуунун айынан күн тартибинин негизги маселеси болгон табигый кырсыктардын кесепетин жою боюнча өкмөттүн жүргүзгөн иши туурасында толук маалымат болбоду. Ошондуктан биз экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашевди кепке тарттык.

- 400гө жакын көчкү жүрдү. Ошонун 150дөйү эл жашаган жерлерде болду. 500гө жакын үй-бүлөлөрдү ал жерлерден көчүрүп кеттик. Аларга жаңы үй куруш же сатып алыш үчүн 200 миң сомдон узак мөөнөттөгү ссуда бердик. Цемент, шиферин бекер бердик. Айрым үй-бүлөлөрдүн тамы бүтүп калды. Өткөндө президент барганда “августтун 20-25теринде үйлөрдүн биринчи партиясын тапшырабыз” дегенбиз. Этап-этап менен беребиз. Куршабдын өзүндө талапка жооп бере турган 3 жаңы айыл курулуп жатат. Өзгөндө ошондой айылдар пайда болот. 4 жерде мектептер аварияга учурап, жаңы мектеп куруп жатабыз. Алардын астын сентябрда, аягын октябрь-ноябрда тапшырып беребиз, - деди Сатыбалды Чырмашев.

XS
SM
MD
LG