Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

БИШКЕКТЕ ДАГЫ БИР ООР КЫЛМЫШ ЖАСАЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 30-июндан 1-июлга караган түнү Бишкек шаарынын «Ынтымак» конушундагы бир үйдө «Аламүдүн» базарынын директору Шаршенбай Маткабылов, анын жубайы Айнура Узакбаева жана балдызы Бегаим Узакбаева белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Окуянын себептери иликтене баштады.

Ички иштер министрлиги тараткан маалымат боюнча, 30-июндан 1-июлга караган түнү белгисиз кылмышкерлер 1950-жылы туулган Шаршенбай Маткабыловду, 1953-жылы туулган анын жубайы Айнура Узакбаеваны жана 1981-жылкы Бегаим Узакбаеваны атып өлтүрүшкөн. Бул боюнча министрликтин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Бусурманкулов төмөнкүдөй билдирүү жасады:

- 1-июль күнү кечки саат 8ден 30 минут өткөндө, Ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн, “Бишкек шаарынын четиндеги «Ынтымак» жаңы конушундагы Сакалдуу деген көчөдө жайгашкан бир үйдө өлүк бар” деп. Министрликтин оперативдүү тобу барганда, бул үй “Аламүдүн” базарынын директору Шаршенбай Маткабыловго тиешелүү экендиги аныкталган. Бул жерде чындыгында эле үч адамдын өлүгү болгон. Биринчи кабатында Маткабыловдун жубайы Айнура Узакбаеванын, анын сиңдиси Бегаим Узакбаеванын сөөктөрү болгон. Ал эми Маткабылов өзү экинчи кабатында уктоочу бөлмөдө көмкөрөсүнөн жаткан боюнча атып өлтүрүлгөн экен. Баары атып өлтүрүлгөн.

Кылмыш жасалган жерде ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 4 оккап жана бир ок сөөктөр жаткан жерден табылган. Кылмыш жасалган учурда үйдө ошондой эле Шаршенбай Маткабыловдун кыздары - 5 жашар Салтанат жана 15 жаштагы Сайкал болгон. Кылмышкерлер кыздарды Маткабыловдун уулу, 21 жаштагы Русланга тиешелүү В-38-65 «Фольксваген-Гольф» маркасындагы автоунаага салып, Бишкек-Чалдыбар багытында жөнөп кетишкен. Бирок, Бишкек-Чалдыбар жолунунун 58-чакырымында, Ново-Николаевка айылында машинанын айдоочусу даракты сүзүп алгандан кийин, кылмышкерлер кыздарды жолдун боюна таштап, андан ары качышкан.

Шаршенбай Маткабыловдун үй-бүлөсүнүн өлтүрүлүшүнүн себептери жөнүндө азырынча ар кандай божомолдор гана айтылууда. Кийинки кезде өлкөдө мындай көрүнүштөрдүн күчөп кеткени туурасында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, палатанын кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү жана тартип коргоо маселелери боюнча комитетинин төрагасы Алымбай Султанов мындай дейт:

- Эгерде бул иш кылмышкерлердин колунан келген болсо, мен муну жалпы эле бийликти, анан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин эрөөлгө чакыруу деп эсептейм. Бүгүн кылмышкерлер каалаган кылмыштарын жасап жатышат. Бул кылмышка укук коргоо органдарынын жетекчилери күнөөлүү. Мен муну айтуудан коркпойм. Себеби, бүгүн кызматкер арыз жазса, ушул эле күнү кызматка коюлат. Муну кантип түшүнсө болот? Илгери бизди кызматка алаарда 6-7 айлап текшеришчү эле. Кыргызстанда «беспредел» болуп баратат. Буга көз сала турган ким? Президент, анын аппараты, премьер-министр.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев бул окуяга байланыштуу мындайча пикирин айтты:

- Эми мындай көрүнүштөр заманга байланыштуу болуп жатат. Азыркы тап - карышкыр доору. Бул - бүгүнкү саясаттын үзүрү. Эгерде биз бул саясатты өзгөртүп, элге бурбасак, абал начарлай берет, бири-бирин жешет. Акыйкат жок бизде. Биз улам барган сайын акыйкаттан алыстап баратабыз. Мунун баарын жасаган – бийлик.

«Аламүдүн» базарынын директору Шаршенбай Маткабыловдун үй-бүлөсүнүн өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Ички иштер министрлигинин оперативдүү топтору иштей башташты. Айтмакчы, Шаршенбай Маткабылов - Кыргызстандагы белгилүү саясатчы, Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдун агасы болчу.

Кийинки учурда өлкөдө бир топ оор кылмыштар жасалууда. Алардын арасында Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу, Бишкектеги «Оберон» соода комплексиндеги жардыруу, Жалалабад облусунун ички иштер органдарын тоноп, куралдарды алып кетүү жана башка окуялар коомчулуктун көңүлүн бурганы бар. Ушундан улам, 20-июнда Мыйзам чыгаруу жыйынында өлкөдөгү коомдук коопсуздуктун абалына байланыштуу маселе боюнча парламенттик угуу болгон. Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган токтомго ылайык, өкмөт октябрь айына чейин тартип коргоо органдарындагы кадр маселесинин абалы жана адистерди даярдоону жакшыртуу боюнча көрүлгөн иш-чаралар жөнүндө отчет даярдашы керек.

XS
SM
MD
LG