Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

ЭЛ АРАЛЫК КЫЛМЫШ СОТУНАН УЛАМ АКШ АКЧА МАСЕЛЕСИН АЛЫП ЧЫКТЫ


Кошмо Штаттар америкалык атуулдарды Эл аралык Кылмыш Сотуна өткөрүп бербөө жөнүндө эки тараптуу келишим түзбөгөн 35 өлкө үчүн 50 миллион доллардай аскердик жардам токтотулганын жарыялады. Бул тизмедеги өлкөлөрдүн арасында АКШнын союздаштары да бар. Эл аралык кылмыш соту болсо 1-июлдан тартып ишине киришти.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү аскерий кылмыштарга, геноцидге байланышкан иштерди карай турган Эл аралык Кылмыш Соту жөнүндөгү келишимди азырынча 90дой мамлекет ратификациялады. Вашингтон бул сот америкалык аскер кызматчылар менен мамлекеттик ишмерлерди саясий жүйөөдөн улам жоопко тартуу максатында пайдаланылышы мүмкүн деп кооптонот жана былтыр келишимден чыгып кеткен. Андан бери АКШнын дипломаттары сотту уюштурууга катышкан өлкөлөрдүн ар бири менен америкалык жарандардын ага өткөрүлүп берилбешин кепилдеген эки тараптуу макулдашууларды түзүүнүн үстүндө иштеп келди жана Вашингтондун азыр 51 мамлекет менен жогорудагыдай келишими бар. Ал эми мындай келишимге көнбөй жаткан 47 өлкө үчүн 1-июлга чейин мөөнөт берилген эле. Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшер Вашингтондогу басма сөз жыйынында ырастагандай, Эл аралык Кылмыш Сотуна тиешелүү маселени АКШ эки тараптуу мамилелерде жогору койот:

- Америкалыктарды Эл аралык Кылмыш сотунан коргоо - биздин ар бир өлкө менен болгон мамилебиздин маанилүү жана кечиктирилгис маселеси экенинде эч кандай күмөн саноо болбошу керек.

Андыктан, президент Жорж Буштун чечимине ылайык, эки тараптуу келишим түзбөгөн өлкөлөрдүн 35и үчүн аскердик жардам токтотулду. АКШнын НАТОдогу же коопсуздук маселелери боюнча маанилүү өнөктөшү катары саналган 22 өлкөгө карата мындай санкция колдонулган жок. Алардын катарында Ооганстан, Тажикстан, Албания, Македония, Монголия, Румыния жана башкалар бар. Бирок, аскерий жардам токтотулуп жаткан өлкөлөр деле АКШнын жаман союздаштары эмес. Бул тизмедеги 35 өлкөгө быйылкы бюджетте каралган акчанын 47 миллон доллары берилбейт. АКШда каржы жылы аяктарына үч ай эле калгандыктан, аскерий жардамдын көпчүлүгү буга чейин ажыратылган. Эгер чечим өзгөртүлбөсө ,кыскартылуучу жардамдын негизги бөлүгү 1-октябрдан тартып башталуучу жаңы каржы жылына туура келет. Жардам албай тургандардын катарында Европа Биримдигинин каршылыгына карабай АКШнын Ирактагы согушун колдогон Болгария, Литва, Латвия, Словения, Словакия, Эстония өңдүү мамлекеттер бар.

Европа Биримдиги америкалык жарандар Эл аралык Кылмыш Сотунун юрисдикциясынан сыртта турушуна жеринен каршы. Латвиянын Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Рихардс Макинс биздин радионун кабарчысына берген маегинде белгилегендей, алар АКШ менен Европа Биримдигинин ортосунда Эл аралык Кылмыш Соту боюнча чыккан пикир келишпестиктин курмандыгы болуп калышты:

- Латвиянын жана башка өлкөлөрдүн проблемасы - биз НАТОго гана эмес, Европа Биримдигине да кошулуп жатканыбызда. Биздин оюбузча бул маселе боюнча АКШ менен Европа Биримдигинин ортосунда кеңири түшүнүүчүлүк болсо баары пайда тапмак.

Аскерий жардамдан ажырап жаткан Чыгыш европалык өлкөлөрдүн дипломаттары биздин радионун Вашингтондогу кабарчысы Жефри Донованга берген интервьюларында АКШнын чечиминен ирээнжишкенин, бирок жардам кайра калыбына келет деген ишенимде экенин айтышты. Эки тараптуу келишимдерди түзүүгө али үмүтү бар экенин Вашингтон да билдирүүдө. Ал эми укук коргоочулар жамааты, Эл аралык Кылмыш Сотунун иштеши үчүн күрөшкөн бейөкмөт уюмдар АКШнын аракеттерин сынга алып жатышат. Алар АКШ менен эки тараптуу келишим түзгөн өлкөлөрдүн көпчүлүгү - жарды, Вашингтондун чөнтөгүнөн көз каранды экенине көңүл бурушууда. "Хьюман Райтс Уочтун" өкүлү Ричард Дикердин айтымында, маселен, Сербия менен Хорватия өңдүү Балкан өлкөлөрүнө жардам кыскартылса, мындай кадамдын тууралыгын жергиликтүү улутчулдарга түшүндүрүү татаал болот:

- Сербия менен Хорватия туш болуп жаткан эки жүздүүлүк жөнүндө апыртуу кыйын. Менимче АКШ бир жагынан бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө Гаагадагы трибунал менен кызматташуусу үчүн туура кысым көргөзүп жатат.Ошол эле учурда алардын өкмөттөрүн Эл аралык кылмыш соту менен кызматташпоого мажбурлоодо. Бул - өтө эле ачык жана ашепке эки жүздүүлүк.

Эл аралык Кылмыш Соту болсо 1-июлдан тартып ишине киришти. Аны түзүү жөнүндөгү келишим күчүнө кирген бир жылдын аралыгында 500дөй арыз түшкөн. Бирок соттун баш прокурору Луис Морено Окампонун билдиргенине караганда, алгачкы сот жараяндары 2004-жылдан эрте башталбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG