Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Ирактын өкмөтү түзүлмөйүнчө, ал жердеги чет өлкөлүк аскерлер чыгарылбайт


Америка менен Улуу Британиянын жетекчилиги Иракта коалициянын аскерлери бул өлкөнүн өкмөтү түзүлгүчө кала берет деп билдиришти. Улуу Британиянын бүгүн Ирактын Басра шаарына барган тышкы иштер министри Джек Строу коалициянын аскерлеринин Ирактан чыгуусун ал жердеги аскерлерге кол салуулар мажбур кылбайт деп билдирди. Кечээ ушундай эле билдирүү жасаган АКШнын президенти Жорж Буш аскерлер Ирактын элинин келечек жашоосу түптөлмөйүнчө кетпесин билдирген: “Ирактагы кайра түзүүлөргө каршылык көрсөтүүгө аракеттенгендер коалициянын аскерлерине эмес Ирак элине кол салып жатышат”.
Ал эми АКШнын кечээ Иракта жарадар болгон жоокери бүгүн каза болду. Бул АКШ президенти Жорж Буш 1-майда Иракта согуш аяктады деп жарыялагандан берки каза болгон 23-жоокер. Кечээки кол салууда андан башка дагы беш жоокер жараат алган.

XS
SM
MD
LG