Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

2010-ЖЫЛЫ ВАНКУВЕРГЕ КЕЛИҢИЗ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Шаршемби, 2-июлда Эл Аралык Олимпиада комитетинин 115-сессиясы 2010-жылы боло турган кышкы Олимпиаданы Канаданын Ванкувер шаарында өткөрүүнү чечти. Кышкы Олимпиада Канадага кайтып келеби, же Европада калабы, же биринчи жолу Азияда Түштүк Кореяда өткөрүлөбү деген суроого, ошентип, чекит койду.

Эл Аралык Олимпиада Комитетинин президенти Жак Роге комитеттин чечими менен 2010-жылкы кышкы Олимпиада Канаданын Ванкувер шаарында өткөрүлө турганын жарыя кылды: "Эл Аралык Олимпиада Комитети 21-кылымдын алгачкы кышкы олимпиадасын өткөрүү ардактуу милдети Канаданын Ванкувер шаарына ыйгарыла турганын жарыялайт".

Жак Роге комитеттин чечүүчү жыйынынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө кышкы олимпиаданы өткөрүү укугуна эң татыктуу талапкерди тандоо оңой эмес боло турганын айткан. Анткени финалдык ат салышка чыккан талапкерлердин ар бири спорттун кышкы түрлөрүнүн мелдешин жогорку деңгээлде өткөрүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөрү бар өлкөлөр эле.

Комитеттин сессиясында Канаданын Ванкувер, Австриянын Зальцбург, Түштүк Кореянын Пхенчхаң шаарлары комитеттин кароосуна ойундарды өткөрүү пландаштырылып жаткан спорттук имараттар, болочок олимпиадалык кыштак, күйөрмандар менен спортсмендер жайгаша турган мейманканалар, эс алып, көңүл ачуучу жайлар, ресторан, кафелер тартылган видеотасмаларды көрсөтүштү. Бирок, бул презентация формалдуу гана мааниге ээ болду. Анткени, комитеттин добуш берүү укугуна ээ 113 мүчөсүнүн баары 2010-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүү үчүн мелдешке чыккан ар бир талапкер шаарларды ошол жерге барып көрүп, спортсмендер менен күйөрмандарга, дегеле олимпиада учурунда шаарга мейманчылап келе турган миңдеген туристтерге сунуш кылуучу мүмкүнчүлүктөрүн көрүп чыгышкан эле.

Алар көркөм муз тебүү жана хоккей мелдештерин өткөрө турган муз талаасын, асман мелжиген чаңгы трамплиндерин, чаңгы слаломдору өтө турган жантай төштөрдү, биатлон жана бобслей трассаларын жана көз жоосун алган башка спорттук курулуштардын өзү же макеттери менен таанышып чыгышкан болчу. Комитеттин мүчөлөрү талапкер шаарлар сунуш кылган кызыктуу программалардын ичинен эң мыктысын тандоо оңойго турбасын ошондо эле аңдашкан эле.

Бирок спорт билермандары менен күйөрмандар комитеттин чечимине Эл Аралык Хоккей Федерациясынын башчысы Жон Фурлоңдун сөзү таасир эткенин айтып жатышат.

"Ар бир хоккейчи, хоккейдин ар бир күйөрманы, спортко кызыккан ар бир адам Ванкувер шаарынын утуп чыгышын каалайт. Анткени, Ванкувер - хоккейдин шаары, хоккейдин падышачылыгы... Олимпиаданын Ванкуверде өткөрүлүшү адаттан тыш окуя болот", - деп айткан Жон Фурлоң.

Эми спортсмендер менен күйөрмандар 2010-жылы боло турган кышкы олимпиаданын Ванкуверде өткөрүлүшү чын эле адаттан тыш эсте калаарлык спорттук майрам болооруна үмүттөнүп жатышат.
XS
SM
MD
LG