Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

КИШИ АТКЕЗЧИЛЕРИН ЖООПКО ТАРТУУНУН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРЫ


Aдамдарды кулчулукка сатуу, анын ичинде кыздарды сексуалдык күңчүлүккө мажбурлоо - дүйнөдө мыйзамсыз курал жана баңги соодасынан кийинки эле эң кирешелүү кылмыш. Борбор Азия жумурияттарында бул көйгөйгө жаңыдан гана көңүл бура башташты. Жакында Казакстан менен Тажикстан Кылмыш кодексин өзгөртүп, киши аткезчилерин кылмыш жазасына тартууну мыйзамдаштырды.

Дүйшөмбү шаарынын тургуну Мадина беш жыл ишсиз жүрүп, иштин айынан киши аткезчилеринин торуна кабылды:

– Иш издеп жүрүп, бир кишиге жолуксам, ал мага жумуш сунуш этти. "Байгер турмушта жашагың келеби?" деп сурады. Ал жол чыгымдарын баарын өзү төлөп, карызды чет өлкөдө ишке орношкондон кийин кайтарып бере турган болдум. Биз Дубайга дагы үч кыз менен бардык. Ал киши паспортубузду чогултуп алып, бизди бир үйгө ээрчитип келди. Ал жерде тажик, орус, кыргыз, казак, дагы башка бардык улуттун кыздары бар экен.

Борбор Азияда аял аткезчилиги боюнча расмий статистика жок. Эл аралык миграция уюму гана жылына аймактан миңдеген, анын ичинде Кыргызстандан 4 миң кыз аткезчилердин курмандыгы болоорун айтып келатат. Чет элдик уюмдардын жана Батыш өкмөттөрүнүн кысымынан улам, Борбор Азияда бийликтер бул маселеге жаңыдан назар сала башташты. Азырынча бир да жумуриятта киши аткезчилиги боюнча атайын мыйзам жок. Жакында гана Тажикстан менен Казакстанда кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.

Дүйшөмбү калаасындагы "Модар" же "Эне" деп аталган бейөкмөт уюмдун жетекчиси Гулчехра Мирзоева чет өлкөдө жашоо жыргал деп кыздарды аялдар өздөрү эле түз жолдон чыгарат дейт.

- Далдалчылардын көбү – аялдар. Алар кыздарга чет өлкөдө иш табуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ар нерселерди айтып, (башын айландырышат). Жакында Бириккен Араб Эмираттарынан төрт кыз кайтып келди. Аларга коңшусу – байманасы ташыган ишкер аял – Эмираттарда элдер тажиктердин тамагын жакшы көрөт, кыздар ал жакта ашпозчу болуп иштей алат деп айтыптыр. (Анын сөзүнө кирип), ата-энелери кыздарды ошол жакка жибериптир. Баргандан кийин кыздар аларга иш жок экенине көздөрү жеткен. (Жол чыгымдарын) төлөтүү үчүн, аларды сойкулукка мажбурлашкан.

Мирзоева айткан кыздардын айрымдарын барган жеринен полиция кармап, үйүнө депортациялаган, башкалары карызын төлөп, өздөрү кайтып келишкен. Аткезчилердин кайырмагына илинген кыздардын көбү - айылдыктар, билим деңгээли төмөн, иштеген иши жок, тилди билишпейт. Адатта аткезчилер кыздардын паспортторун алып коюшат, кыздар полицияга кайрылгандан коркушат. Дайынсыз жоголгондор да бар.

Борбор Азиядан кеткен кыздарды мекенине кайтаруу иши менен азырынча Эл аралык миграция уюму гана алектенип келатат. Ал эми жергиликтүү уюмдар негизинен аткезчиликтин курмандыктарына жардам беришүүдө.

Кыздар кайтып келгенден кийин да көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болот. Мусулманчылык күчтүү болгон тажик, өзбек коомдорунда аларга айрыкча кыйын. Ташкендери "Истикбол авлод" аттуу аялдар уюмунун директору Нодира Каримова "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Кыздар кайтканда, биз аларды аэропорттон тосуп алып, кеңсебизге алып келебиз. Мында психолог, гинеколог адистер бекер кеңеш берет. Алар башынан өткөргөндөрүн айтып берип, иш издеп да келишет. Аларга жаңы паспорт алууга жардам беребиз. Колдон келишинче көмөк көрсөткөнгө аракеттенебиз, бирок ар тараптуу жардам бере турган атайын долбоор жок.

Каримова кыздар өз турган жеринде иш менен камсыз болмоюнча, адам аткезчилигине байланышкан проблемаларды чечүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал эми Эл аралык миграция уюмунун Казакстандагы өкүлү Катерина Бадикова аткезчилерге каршы күрөш тартип коргоочулар үчүн кыйын иш экенин белгилейт. Анын айтымында, өтө жогорку деңгээлде уюшкан, кылмыштуу синдикаттар менен байланышкан аткезчилер бажы кызматкерлерин жана башка бийлик өкүлдөрүн оңой эле паралап коюшат.

Мадина сыяктуу жашында канатын кайрып алган кыздар да аткезчилерге даба табылаарына көзү жетпейт:

– Мен полицияга барып, арыздангандан корком. Антсем эле мени алып кеткен киши ата-энемди, бир туугандарымды соо койбойт. Ошондуктан унчуга албайм. Ал мени Дубайга дагы үч кыз менен алып барган. Эгер ал он жолу ушундай "саякат" жасаса, ал укмуштуудай бай болуш керек. Ага кимдин алы жетмек эле.

Мадина башына түшкөн мүшкүлүн унуткусу керек. Бирок ал адистиги жок туруп, колунда жаш баласы менен иш таап, эл катары жашап кете алаар бекен?

XS
SM
MD
LG