Франция парламентинин төмөнкү палатасы бүгүн пенсиялык реформа жөнүндөгү мыйзамды жактырды. Ага ылайык Францияда толук пенсия алууга зарыл эмгек стажынын көлөмү дагы 5 жылга көбөйтүлөт. Бул мыйзамдын кабыл алынышына профсоюздар катуу каршы болуп жатышкан. Мыйзам эми өлкө Сенатынын кароосуна берилет.