Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Өзбекстан улуттук акчасын эркин алмаштырууга ниеттенүүдө


Өзбекстандын өкмөтү бүгүн улуттук акча бирдиги - сумду эркин алмаштыруу тууралуу жаңы планын жарыя кылды. Ал ушул жылдын ноябрь айында ишке киргизилет деп жатышат. Ага чейин Ташкент Эл аралык валюта кору менен макулдашууга кол коюшу керек. Эл аралык валюта кору 2001-жылы Өзбекстан экономикалык реформаларды ишке ашырбай койгондугу үчүн өз өкүлдөрүн чыгарып кетип, былтыр кайра кайрыган. Өзбекстандын өкмөтүнүн бул планы менен эл аралык валюта корунун өкүлдөрү август айында келип таанышып, өз сунуштарын айтаары да болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG