Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

Афганистандагы эл аралык бейпил күчтөр менен талибдер кагылышты


Афганистандын түштүк батышындагы Забул провинциясында талибдер менен өкмөттүк аскерлердин кагылышуусунан “ал-Каиданын” 15 мүчөсү каза болуп, 12си колго түшүрүлдү. Бир жумага созулган бул кармашта өкмөттүк аскерлердин бирөө көз жуумп, үчөө жараат алды. Кабул шаарында тынчтыкты сактоо үчүн жүргөн эл аралык бейпилдик күчтөрдүн маалыматына караганда, “ал-Каида” өкүлдөрүнүн кол салуулары кийинки кезде эки эсе күчөп кетти. БУУнун Афганистандагы өкүлү Лахдар Брахиминин пикири боюнча, Афганистанда бейпил күчтөрдүн санын көбөйтүп, аларды Кабулдан башка жерлерге да коюу зарыл.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG