Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

АКШнын Ирактагы аскерлерине кол салуу басаңдабай жатат


Бүгүн Ирактагы АКШ аскерлеринин Багдадда бараткан бронетранспортеруна граната ыргытылды. Кол салуудан он жоокер жараат алды. АКШнын президенти Жорж Буш кечээ АКШ менен Улуу Британиянын жоокерлерине кол салгандар жазасыз калбасын жана АКШнын аскери Саддам Хусейнди жактаган күчтөргө каршы сокку уруучу күчкө ээ экендигин эскертти. АКШ менен Улуу Британиянын жетекчилиги коалиция аскерлерине кол салуулар аларды Ирактан чыгып кетүүгө мажбурлай албайт жана алар Ирактын өкмөтү түзүлмөйүн өлкөдөн чыкпайт деп билдиришкен. Ирактагы согуш аяктагандан бери ар кандай кол салуулардан АКШнын 23 жоокери каза болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG