Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:39

Кыргызстан МАГАТЭнин толук мүчөлүгүнө өттү


БИШКЕК. «Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары 30-июнда Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин уставын ратификациялоо жөнүндө мыйзамды жактырышты. Бул Кыргызстандын тышкы саясатындагы урунттуу окуя болду, - деп билдирди бүгүн Тышкы иштер министрлиги. - Кыргызстандын МАГАТЭнин толук мүчөлүгүн алышы анын эл аралык кадыр-баркын бекемдеп, мындан ары массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга каршы тышкы саясатын аныктамакчы. Ошону менен катар Кыргызстан МАГАТЭ аркылуу өлкө аймагындагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу ишине эл аралык коомчулуктан чоң өлчөмдөгү каражат суроого кошумча мүмкүнчүлүк алмакчы». Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы уран калдыктарын зыянсыздандырууга 40-50 млн. доллар каражат керек. 137 мамлекетти бириктирген МАГАТЭ уюму 1955-жылы 3-декабрда түзүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG