Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Улуттук коопсуздук кызматы экономикалык коопсуздукту көзөмөлдөөгө ынтызар


БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы өлкөдөгү экономикалык коопсуздук маселесин көзөмөлгө алышы зарыл. УККнын экономикалык коопсуздук башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин бүгүнкү маалымат жыйынында ушундай ойлор айтылды. Алардын айтымында, журналисттерди чогултууга айрым структуралар УККнын экономикалык коопсуздук башкармалыгын жоюу демилгесин көтөрүп жатканы себеп болду. Брифингдеги маалыматтарга караганда, өткөн алты айдын жыйынтыгы боюнча мамлекет кылмыш иштеринен 9 млн. сомго жакын чыгым тарткан. Алардын 3 миллиону кайтарылган. Былтыр жана быйылкы жылдын биринчи жарымында жооптуу кызматтагы 39 адам кылмыш жообуна тартылды. Алардын ичинде Бажы инспекциясынан 9, Ички иштер министрлигинен 13, Коргоо министрлигинен 4, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4, Улуттук коопсуздук кызматынын каржы-чарбалык башкармалыгынан 2 адам бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG